Эфестиктерге, Филипиликтерге, Колосалыктарга жана Филемонго жазылган каттарды окуп чыккыла.
Эфестиктерге 4:11-16 жана Колосалыктарга 3:1-4тү жаттагыла.
Киришүү
Б.з. 60-жылдардын башында Пабыл Римде үй камагында эки жыл аралыгында болгон. Ал камакта болсо дагы, аздыр-көптүр эркиндикке ээ болгон: Пабыл өзүнүн жеке үйүндө жашаган жана келгендерди кабыл ала алган[1]. Ошол мезгилде элчи (кайрылуу деп да аталган) төрт кат жазган; алардын ичинен үчөө жыйындарга даректелген – төртүнчүсү болсо, Пабыл кызмат кызмат кылган учуруда ишенип калган адамга арналган.
Бул каттар – эң кубанычтуу каттардын бири. Алар анын жашоодогу кыйын абалдарды жеңгенин көрсөтөт жана бизге кайгы убагында кубаныч рухуна ээ болууга шыктандыруу берет.
Каттар иш жүзүндө колдонуу үчүн абдан пайдалуу. Алар үй-бүлөдө болгон мамилелер, руханий согуш (Эфестиктерге), момундук жана биримдик (Филипиликтерге) Машайактын жогорулугу (Колосалыктарга), ошондой эле кечирүү жана кайра калыбына келүү (Филемонго) жөнүндө айтат.
Эфестеги жыйын Пабылдын үчүнчү миссионердик саякатынын убагында негизделген. Эфесте Аполос жакшы кабар айткан, ошондой эле ал жакта Прискила жана Акила эмгектенишкен; Пабыл Эфесте үч жыл жакшы кабар айтып жана окутуп жүргөн. Бул шаар айланасындагы аймактар үчүн жакшы кабар кызматынын борбору болуп калган: ушул жерде «Асиянын бүт тургундары Теңир Ыйса жөнүндө угушкан» [1].
Эфес Диана (ошондой эле Артемида деп да аталган) аял буркандын белгилүү бутканасынын мекени болгон. Бул жерде сыйкырлык менен алек болуу кадимки нерсе болгон, ал эми шаардын экономикасы болсо бутканага тиешелүү буюмдардын соодасы менен байланыштуу болгон.
Жаңы ишенгендер магия искусствосу боюнча 6,000,000 доллар турган китептерди өрттөп жиберишкен[2]. Натыйжада, Дианага табынуу менен байланышкан буюмдарды сатуу менен өз жашоолорун камсыз кылган Деметрий жана башка сыйкырчылар Пабылдын кызматына каршы козголоң чыгарышкан. Руханий согуш – Эфестиктердеги эң маанилүү тема.
Дагы бир кошумча факторду белгилеп кетүү керек. Пабыл каттарында жеке салам узатпай койбойт: Пабыл өзү бара элек Римге кат жазганда дагы, өзү тааныган жыйындагы адамдарга салам узаткан. Ушундан улам Пабыл Эфесте үч жыл насаат айтып жүргөнүн эске алганда, бул катта салам узаткан адамдардын узун тизмеси болушу керек эле – бирок анда жеке салам узатуу такыр жок. Анын эң чоң себеби – Эфестиктерге жана Колосалыктарга каттары Кичи Асиядагы бир нече жыйындарга арналган «айландыруу» үчүн каттар болгон. Эфестиктерге жана Колосалыктарга каттарын бул жыйындарга Тихик жеткирип жана салам айтып барышы керек болчу[3].
Мазмуну
Эфестиктерге жазылган каттын мазмуну эки чоң бөлүктөн турат:
Биринчи бөлүгүндө Пабыл тандоо доктринасы жана жыйындар жөнүндө, ал эми экинчи бөлүгүндө болсо, өзүнүн окурмандарын Кудайдын тандап алган жыйыны катары татыктуу жашоого үйрөтөт.
Доктрина: Кудай жыйын үчүн эмне кылган (Эф.1-3)
Ишенгендердин куткарылуусу (Эф. 1:3-2:10)
Кыска саламдашуудан кийин Пабыл катын биз Машайактан алган баталарды санаган сыйынуу менен баштайт.Эфестиктерге 1:3-14 эң сонун даңктоо болуп эсептелет, анда Пабыл өзүнүн окурмандарына биз Машаяктагы ээлеген абалыбызда алган бардык руханий артыкчылыктарды эстетет.[6]
► Эфестиктерге 1:3-14 тү окуп чыккыла. Биз Ыйсада кандай руханий баталарды алабыз?
Биздин куткарылуубузга үчбирдиктүү Кудайдын ар бири катышат. 1:3-6 да Пабыл биздин тандалуубуздагы Атанын ролун көрсөтөт: Кудай «Биз Кудайдын алдында сүйүүдө ыйык жана кемчиликсиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машайак аркылуу тандап алган». Биз ыйык жана кемчиликсиз болуу үчүн «Анда» (Машайакта) тандалганбыз. Куткарылуу планы Ата аркылуу ойлонуштурулган.
1:7-12 де Пабыл кун төлөп куткаруудагы Уулдун ролун көрсөтөт. Ыйсанын кун төлөп куткаруучу курмандыгы аркылуу биз «Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди». Бирөөнү кун төлөп куткаруу – туткундан кун төлөп бошотууну билдирет. Байыркы Келишимдин кереметтүү мисалы Ысрайыл элин кулчулуктан кун төлөп куткаруу; Жаңы Келишимде Ыйсага ишенип калгандардын баары шайтандын кулчулугунан кун төлөнүп куткарылышкан.
1:13-14тө Пабыл бизди сактап калуудагы Ыйык Рухтун ролун көрсөтөт. Рух аркылуу биз «мөөрлөнгөнбүз». Пабыл бизге «Анын даңкы макталыш үчүн, Анын энчисине алынгандар куткарылышы үчүн, Ыйык Рух – биз ээ боло турган мурастын аманаты» экенин айтат. Ал Кудай Падышалыгында биздин мурасыбыз болушу үчүн бизге «аманатты» берди. Рухтун аркасы менен биз Кудайдын «жеке менчиги болуп» жана асмандын убадасына ээ болобуз.
Кун төлөп куткарылуу доктринасы Эфестиктерге 2де уланат, ал жакта Пабыл бизге «кылмыштарыбыздын айынан өлгөнүбүздү» деп эстетет. Куткарылуу биздин эмгегибизге негизделген эмес, бирок «ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машайак менен бирге тирилтти – ырайымдын негизинде куткарылдыңар». «Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул- Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес» [5]. Бардык жараян – бул Кудайдын белеги. Биз эч нерсе менен мактана албайбыз.
[6]«Ал бизде ажайып өзгөрүүлөрдү кылды: Ал биз үчүн Адам уулу болду жана бизди Кудайдын балдары кылып койду; Өзүнүн жерге түшүп келүүсү менен Ал биздин асманга көтөрүлүүбүздү даярдады; Биздин өлүмүбүздү өзүнө алып, Өзүнүн өлбөстүгүн далилдеди. Биздин алсыздыктарыбызды кабыл алып, Өзүнүн күчү менен бекемдейт; Биздин жакырлыгыбызды Өзүнө алып, Ал аны байлыкка айлантты».
- Джон Кальвин, «Машайак динин негиздөө», 4.17.2
Атайын тема: Тандоо
Пабыл биз Ыйсанын балдары болууга алдын алатандалганыбыз жана «дүйнө жарала электе эле» тандалганбыз деп жазат.
Кээ бир адамдар «тандалган» дегенди Кудай дүйнө жарала электе эле, куткарылчу адамдарды алдын ала тандап койгон деп эсептешет. «Тандоо» – куткарылууга алдын ала белгилөө. Туура ой жүгүртүү боюнча – бул алдын ала тандоого да, соттоого да тиешелүү болушу керек, демек сотко кабылган адамдар куткарылууга ээ боло алышпайт, бирок бул Кудай бардык адамзатты сүйөт деген библиялык кабарга карама-каршы келет.
Кээ бир адамдар тандоону Кудайдын кимдин куткарыларын алдын ала билүүсүнө караганда көбүрөөк нерсе катары түшүнүшөт. Алар алдын ала тандоо – адамдын тандоосун Кудайдын алдын ала билүүсү деп талашып-тартышат. Бул көз караш боюнча куткарылуу биздин тандоого негизделген, бирок бул түшүнүк Кудайдын эгедерлиги тууралуу библиялык түшүнүккө каршы келет.
Бул эки принцип (Кудайдын эгедерлиги жана Кудайдын бардык адамзатка болгон сүйүүсү жөнүндө) алдын ала тандоо жөнүндөгү эки негизги үзүндү аркылуу түшүнүктүү болот: алар Римдиктерге 9-11 жана Эфестиктерге 1. Римдиктерге 9-11 куткарылуу жолун аныктоодо Кудайдын адилеттигин көрсөтөт. Эч ким Ыйса Машайакка болгон ишенимден сырткары башка нерсе аркылуу куткарыла албайт; Кудай бул ыкманы куткарылуу жолу катары кылымдарга белгилеп койгон.
Пабыл Эфестиктерге 1де адамдар куткарылууга «Машаякта» ээлеген абалы үчүн ээ болгонун көрсөтөт. Дүйнө негизделе электе Ыйса куткарылууну бере турган Ал аркылуу тандалган. Ишенип калгандардын бардыгы – «Анда» тандалгандар. Кудайдын ааламга болгон сүйүүсүнүн аркасы менен ишенгендердин куткарылууга жол ачык.
Бул тең салмактуулукту Байыркы Келишимден да көрсө болот. Ысрайыл тандалган Кудайдын эли болгон, бирок «Ысрайылдан чыккандардын бардыгы эле ысрайылдыктар эмес» [1]. Кудайдын Ысрайылды эл катары тандап алуусу, ар бир ысрайылдык куткарылгандыгын билдирген эмес. Кээ бир тил албагандар, мисалы Ахан, убада кылынгандан куру калган; башка Ысрайылдан төрөлбөгөндөр (Рахап сыяктуу) Ысрайылга берилген убаданы мурасташкан. Куткарылуу адамдардын Кудайдын Ысрайылды тандап алуу убадасына ишенүүсүн жана ага катышуусун талап кылган.
Ушул сыяктуу эле Машайак дүйнө негизделе электе куткарылуу Ал аркылуу бериле турган бирөө катары тандалган. Биз ишеним аркылуу «Машайакта» болгонубузда, куткарылуу батасына ээ болобуз: биз Машайакта тандалганбыз.
Тандоо – бул Кудайдын эгедерлиги менен куткарылууга жалгыз жол катары Машайакка болгон ишенимди тандоо. «…анткени асман астында бизди-адамдарды куткара ала турган башка ысым жок» [2]. Ушул эле ой 1 Петир 1:18-20да айтылган. Биз чирип жок боло турган нерсе аркылуу эмес, «Кемчиликсиз таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылганбыз»[3]. Тандоо Ыйсада гана жана ишеним аркылуу гана аткарылат.
Эфестиктерге 1де Пабыл ишенгендердин куткарылганына, ал эми Эфестиктерге 2-3тө болсо – Кудайдын жыйынды жаратуусуна кубанат. Эфестиктерге катында жүйүттөр менен бутпарастардан калыптанган бир дене болгон жыйындын биримдиги маанилүү тема болуп эсептелет. Бир убакта «келишимдердин негизинде берилген убадаларга чоочун» бутпарастар эми «Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп» калышты[1]. Кудай башынан эле бутпарастарды өзүнүн үй-бүлөсүнө кошууну пландаган. Пабылдын жүйүт бир туугандары үчүн бул жакшы кабардын үрөй учурган бөлүгү болгон: Машайактагы жыйын жүйүттөр үчүн да, бутпарастар үчүн да жаратылган.
Ыйык Китептеги сыр – бул белгисиз бир нерсе эмес, бул белгисиз болгон, бирок эми ачылган нерсе. Эфестиктерге 3тө Пабыл эми ачылган сырды түшүндүрүп берет: «Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мүчөлөрү болушат. Ошондой эле Жакшы Кабардын негизинде Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелүү» [2]. Кудайдын ырайымынын күчүн ырастап Пабыл: «ыйыктардын эң кичинеси» Машайакты жана Анын жыйынын куугунтуктаган Пабыл – «Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу» үчүн тандалган[3].
Пабыл бул доктриналдык бөлүмдү «ыйык» болуп калган жана «Машайака ишенимдүү» эфестеги ишенгендер үчүн жана алар «Кудайдын толуктугуна» толушсун деп сыйынуу менен бүтүргөн.
Колдонуу: Кудай жыйында эмне кылат (Эф. 4-6)
Пабыл катынын экинчи бөлүгүндө ишенгендерди: «Кудай тарабынан чакырылып алынганына ылайык жашоого» чакырат [4]. Чакырыгыбызга татыктуу жашоо:
Жыйындарга биримдик алып келет (Эф. 4:1-16)
Этикалык жүрүм-турумдун жыйынтыгы көрүнөт (Эф. 4:17-5:21).
Үй-бүлөдөгү жана жумуштагы мамилеге таасир этет (5:21-6:9).
Улуу Теңирдин күчү менен гана мүмкүн (6:10-18).
Машайакчылык доктрина ишенгендердин жашоосунан өзүнчө бөлүнүп калбайт. Жыйындын доктриналары жамааттын жашоосунда көрүнүп турушу керек, анда «дененин ар бир мүчөсү туура иштейт», жыйын болсо «өзүн сүйүү менен бекемдейт»[5]. Ырайым менен куткарылуу доктринасы «чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамдын» кыймыл-аракетинен көрүнөт[6].
Пабылдын бул катты жыйын өзүнүн миссиясына жете алат жана караңгылыктын күчүн жеңе алат деп шыктандырып, ошондой эле ал мындан ары да жакшы кабарды таратуусу үчүн жана бата алуусу үчүн сыйынып туруу өтүнүчү менен бүтүрөт.
Пабыл 2 миссионердик саякатынын убагында Филипидеги жыйынды негиздеген. Бул Европадагы биринчи жыйын болгон. Пабыл менен Сылас Филипиге македониялык адам жардамга чакырып жаткан Пабылдын көрүнүшүнөн кийин барышкан[1]. Филипи Македониянын ошол бөлүгүндөгү башкы шаар болсо да, ал жакта жүйүт жашоочулары көп эмес болчу. Бул жерде синагогалар жок болчу, ошол себептен сыйынуулар дарыянын жээгинде өткөн[2].
Филипиде эң биринчи кайрылып калгандардын бири Лидия деген бай аял болгон. Ал чөмүлдүрүү алгандан кийин, Лидиянын үйү ишенгендердин чогулушу өткөн жер болуп калган. Жүйүт тургундары көп болгон шаарларда жакшы кабарга каршылыктар көбүнчө диний башчылар тарабынан чыккан, бирок Филипидеги каршылык Пабыл менен Сылас көз ачыктык кылган күң кызды колдонуп киреше тапкан адамдын ишине тоскоолдук кылгандан келип чыккан. Пабыл жана Сыласты кармап туруп сабап, түрмөгө камашкан. Ошол түнү жер титирөө түрмөнүн эшиктерин ачкан жана туткундар кишендерден бошонгон. Пабыл менен Сылас качып кетүүнүн ордуна түрмөдөгү сакчыга жакшы кабар айтышкан.
Элчилер иштеринде Лука Филипи шаары колония болгондугу тууралуу так маалымат берет[3]. Бул жөнөкөй маалымат Элчилер иштерин окуган биринчи окурмандар үчүн чоң мааниге ээ болгон. Филипи, римдик колония катары б.з.ч. 42-жылы римдик генерал Антоний тарабынан негизделген. Көпчүлүк аскерлер кызматтан кийин пенсияга чыкканда ушул шаарга келишкен жана жарандар салык жактан жеңилдиктерди алган. Филипинин жарандары анын колония болгонуна сыймыктанган. Пабыл филипилик ишенүүчүлөрдү асман жарандары катары жашоого чакырганда ушул дүйнөгө болгон көз карашына кайрылат[4].
Жазылган максаты
Филипиликтерге жазылган кат – Пабылдын эң жарык маанайда жазылган каттарынын бири, бирок бул катында ал Корунттуктарга жана Галатиялыктарга каттарында айтылган кээ бир көйгөйлөр тууралуу көрсөтмөлөрдү берет. Кат эки себеп менен жазылган.
Жеке максаты Пабылдын камакка алынгандыгы жөнүндө кабар берүү жана анын кызматын каржылоого ыраазычылык билдирүү[5]. Пабыл алардын ишенимдүү болгондоруна кубанат жана аларды кубанычтуу жашоого шыктандырат.
Окутуучу катары максаты Филипи жыйынындагы эки коркунучка көңүл буруу болгон: жалган окутуучулардан келген сырткы коркунуч жана жыйын мүчөлөрүнүн бөлүнүүсү аркылуу келип чыккан ички коркунуч.
Мазмуну
Жагдайларга карабастан кубанычта болуу (Фил. 1)
Пабыл түрмөдө болгонуна карабастан, Кудай Өзүнүн максаттарын ишке ашырып жатканына ишенген. Камакка алынганы үчүн Пабыл түрмө сакчысына жакшы кабар айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Элчи өзүнүн камагы бошонуу менен бүтөбү же өлүм менен бүтөбү билбейт, бирок ошого карабастан, кубанат, анкени ал үчүн «өмүр – Машайак, ал эми өлүм утуп алуу» [6].
Пабылдын кубанычына коркунуч келтирген дагы бир нерсе – ишенгендердин арасындагы көрө албастык болгон. Римдеги бир топ Машайак жөнүндө кабарды «атаандаштык» менен тараткан, бул Пабылдын азабын көбөйткөн, бирок алардын ниетине карабай, Пабыл жакшы кабар тарап жатканына кубанат, бул сүйүнткөн кабар. Пабылдын абалы Кудайдын Падышалыгына караганда маанилүү деле эмес[7].
Момундук биримдиктин ачкычы (Фил. 2)
Андан ары Пабыл филипи жыйынындагы эки айымдын ортосундагы бөлүнүү жөнүндө айтат[8]. Алар жакшы кабар үчүн Пабыл менен чогуу эмгектенген жакшы машайакчылар болушкан, бирок тилекке каршы алардын ортосундагы жеке келишпестик жыйындын биримдигине коркунуч туудурган. Бөлүнүүлөр менен иштешүү үчүн негиз салып жатып, Пабыл машайакчылык биримдиктин үлгүсү катары Машайакты көрсөткөн.[12]
Көбүнчө келишпестиктер өзүнүн укугун коргоо каалоосунан пайда болот. Пабыл Өзүнө тиешелүү болгон артыкчылыктардан адамзатка кызмат кылыш үчүн баш тарткан Машайактын үлгүсүн көрсөтөт. Ыйса кудайлык артыкчылыктарга жармашкан эмес, тескерисинче бизди куткаруу үчүн өлгөнгө чейин, айкаш жыгачтагы өлүмүнө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты». Жыйынтыгында Кудай Ыйсаны Өзүнө тиешелүү ааламдык бийликке ээ кылды [9].
Ар бир машайакчы ишенген бир туугандардын арасында кимге жардам керек экенин издөө менен ушундай момун мамилеге ээ болуш керек. «Ар ким өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло» [10].
Жакшы кабарга каршы душмандарга эскертүү (Фил. 3)
Филипиликтерге жазылган кат негизинен жарык маанайда жазылганы менен Пабыл жыйындын тынчын алып, коркунуч туудурган адамдардын тобуна катуу эскертүү берүү менен жазат. Бул биз Галатияда көргөн ошол эле жүйүтчүлөр. Алар машайакчылар сүннөткө отургузулушу керек жана жүйүттөрдүн мыйзамын аткарышы керек деп талап кылган. Пабыл аларды «иттер» жана «жамандык кылуучулар» деп атайт.
Элчи жүйүтчүлдөрдүн мыйзамдын ырым-жырымдарын аткаруу талабына жооп катары өзүнүн жеке жашоосун мисал келтирген. Эгер мыйзамды аткаруу куткарылууну алып келсе, анда Пабыл толугу менен «денеге таянса болмок». Ал мыйзамга ылайыктуу сүннөткө отургузулган, ардактуу Бенжемин уруусуна таандык болгон; «эврейден чыккан эврей», фарисей болгон, ал толугу менен мыйзамдарды аткарган, жүйүттөрдүн ишеними боюнча ушунчалык кызганчаак болгондуктан машайакчыларды куугунтуктаган; мыйзам боюнча Пабыл кемчиликсиз болгон. Бирок элчи «Теңирим Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн» булардын баарын «пайдасыз» деп эсептейт. Пабыл, филипиликтер жана ошондой эле биз да мыйзамдарды аткарган үчүн эмес «Теңирим Ыйса Машайакты жеке таанып билүү» аркылуу куткарылганбызды айтат[11].
Көрсөтмөлөрдү аяктоо (Фил. 4)
Акыркы бөлүмдө Пабыл Эйдия жана Синтихени экинчи бөлүмдө үйрөткөн биримдикке келүүгө чакырат. Эгер бул аялдар Машайактын акылына ээ болсо, уруш-талашын чечип алышат. Ал жыйынды ар кандай жагдайда кубанууга жана жүрөктөрү менен акылдарында Кудайдын тынчтыгын сактоого үндөйт. Акырында ал жыйынга финансылык жардамы үчүн ыраазычылык менен бүтүрөт.
[4] Фил. 3:20: «Ал эми биздин мекенибиз асманда», – ушул эле грек сөзү Фил. 1:27де: «Бирок Машайактын Жакшы Кабарына татыктуу жашагыла…» дегенде колдонулган.
[12]► Ыйса “ Өзүн басынтты” деген факт эмнени билдирет?
Ыйсанын өмүрү, өлүмү, кайра тирилүүсү жана асманга көтөрүлүп кетүүсү жөнүндө баяндагандыктан Фил. 2:5-11 «Ыйсанын Гимни» деп аталат. Көп адамдар Фил. 2:8де Пабылдын Ыйса «Өзүн басынтты» деген сөздөрүнүн мааниси тууралуу талашып келишкен. Ыйса Өзүнүн кудайлыгынан баш тарткан жок, бирок алаамдын Падышасы катары Өзүнө тиешелүү болгон артыкчылыктардан баш тарткан. Машайак адам болуу менен Өзүн басынткан: Ал Өзүнүн кудайлык табиятын таштаган эмес.
Колосалыктарга
Тарыхый кырдаал
Колосалыктарга каты Пабыл Римде болгон учурда жазылган; Тиметей да анын автору катары жазылган[1]; балким ал Пабылга катчы катары кызмат кылган.
Пабыл Колос жыйынына барганына далилдер жок. Пабыл менен жыйынды байланыштыруучу кыязы Эпафрас болгон. Эпафрас колостук болгон, балким ал Колостон 160 км аралыкта жайгашкан Эфесте Пабыл кызмат кылган убакта Кудайга кайрылып калган. Эпафрас туулуп өскөн шаарында, ошондой эле жакын жайгашкан Лаодикея жана Жерапол шаарларында жыйын негиздөө үчүн кайтып келген. Пабыл колосалыктарга да, лаодикеялыктарга да кат жазып, кат алмашып туруу көрсөтмөсүн берген[2].
Жазылган максаты
Пабыл камалган убакта Эпафрас ага Колос жыйынына коркунуч туудурган жалган окутуу жөнүндө айтып келген. Пабыл бул коркунучтуу окутууга колосалыктардын көңүлүн буруш үчүн жазган. Мындан сырткары кат колостук машайакчыларды Машайакта жетилип өсүүгө шыктандыруу максаты менен жазылган. Китепте жалган окутуучулар боюнча эскертүү жана руханий өсүү үчүн көрсөтмөлөр бар.
Мазмуну
Колосалыктарга жазылган кат жана Эфестиктерге жазылган кат көптөгөн, жалпы бөлүшкөн темалар менен окшош: жыйындын биримдиги, руханий согуштун чындыгында бар экендиги жана бизди Ыйсанын жолдоочулары деп аталашыбызга таза жашоо менен жашагандын зарылдыгы жөнүндө айтылган. Мындай окшоштук таң калыштуу деле эмес. Анткени Пабыл бул эки каттарды болжол менен бир мезгилде жазып жана бул каттарда окшош муктаждыктар жөнүндө айткан.
Колосадагы жалган окутуулар жөнүндөгү маалымат бүгүнкү күндө жыйындарга коркунуч туудурган нерселерден айырмаланышы мүмкүн болсо да, Пабылдын кабары жыйындар үчүн маанилүү:
Машайак Өзүнүн жаратуусунан жогору.
Машайак – жыйындын Башчысы.
Биз, Кудайдын балдары катары чакырыгыбызга ылайык жашашыбыз керек.
Машайактын баарынан жогорулугу (Кол. 1)
Колосалыктарга жазылган каттын борбордук темасы – өлүп кайра тирилген Ыйсанын жогорулугу.[10] Пабыл чебер сөздөр менен Машайактын табияттын үстүнөн эгедерлигин, Анын жыйындын үстүнөн бийлигин жана Анын куткарылуудагы ролун көрсөтөт. Машайак жаратылуунун катышучуусу («баардыгы Ал аркылуу жаратылды») жана жаратылуунун максаты («баардыгы Ал үчүн жаратылды») болгон. Машайак – «Жыйын денесинин башчысы». Машак жана Анын каны аркылуу «Кудайга бөтөн жана душман болгон» биз Кудай менен элдештик. Машайак – жаратылуунун борбору, жыйындын Башчысы жана кун төлөп куткаруучу Теңир[3].
Колосалыктардын жалган окутуусу (Кол. 2)
Машайактын табияты жөнүндө ушундай улуу сөздөрдү айткандан кийин, Пабыл Колос жыйынына коркунуч туудурган жалган окутуулар жөнүндөгү терс эскертүүлөргө өтөт. Жалган окутуунун мазмуну так белгисиз, бирок Пабылдын жооп кайтарганы анын кээ бир мүнөздөмөлөрүн көрсөтөт. Колос жыйыны ортодоксалдык иудаизм, жүйүт мистицзми жана бутпарастык окутуулардын аралашмасына туш болгон.
Ортодоксалдык жүйүттөр колостуктарды жүйүт майрамдарын, тамакка тиешелүү мыйзамдарды жана сүннөткө отургузууну аткарууга түрткү берген[4].
Жүйүт мистиктер колостуктардан периштелердин Кудайга эң жогорку табынусууна кошулуш үчүн орозо кармоосун талап кылышкан[5].
Бутпарастар жүйүт ишенгендерди кара күчтөрдөн коргонуу үчүн ырым-жырымдарды карманууга үндөгөн. Пабыл кара күчтөрдүн күчүн четке какпайт, бирок жооп бутпарастардын ырым-жырымында эмес, Машайак кара күчтөрдүн үстүнөн ээ болгон жеңиште[6].
►Колосадагы жалган окутуу бүгүнкү күндө бизге тиешелүү болушу мүмкүнбү?
Синкретизм - бул бир нече диндин аралашмасы. Колосто синкретизм иудаизмди, мистицизмди, бутпарастыкты жана машайакчылыкты аралаштырып салган. Бүгүнкү күндө бутпарастык маданияттагы жыйындар кээде машайакчылыктын доктриналары менен салттык маданиятындагы тажырыйбаларды (ата-бабаларына табынуу, жиндерди кубалоо жөрөлгөсү, бутпарастардын ыйыктарынын майрамы ж.б.) аралаштырып салуу азгырыгына туш болушат. Биринчи кылымда да, жыйырма биринчи кылымда да, мындай окутууларга бир эле жооп бар: Ыйса – Теңир. Ал караңгылыктын күчүн жеңген жана биз Ал аркылуу гана жеңишке жете алабыз. Башка эч кандай жөрөлгөлөргө жана ырым-жырымдарга машайакчылыкта орун жок.
Мурун айтылгандай эле, Пабыл колостук жалган окутуу эмне тууралуу экенин толук түшүндүрүп бербейт. Ал жалган окутуунун маңызына, жыйындын Теңири жана жаратуучусу – Машайактын жакшы кабарына салыштырмалуу бир аз эле көңүл бурат.
Машайакчылык бышып жетилүү (Кол. 3-4)
Эфестиктерге катындагыдай эле, Пабыл доктринадан тажырыйбага өтөт. Машайак Кудайдын оң жагында отурганына байланыштуу, биз Машайакта тирилгендер акылыбызды адаштырып жалган окутууларга басым жасабай, руханий нерселерге ылайыкталышыбыз керек; биз мындай нерселер үчүн өлгөнүбүздү жана мындан ары Машайак менен Кудайда жашарыбызды унутпашыбыз керек[7].
«Машайакта жашырылган Кудайдагы жашоо» кандай? Пабыл аларды тажырыйбалык терминдер менен сүрөттөйт. Бул жашоо эки өзгөчөлүктөн турат.
Биз эски жөрөлгөлөрдү «калтырып» жана бардык жердик нерселерди; ачулануу, ачуу, каарданууну, жаман сөздөр, адеп-ахлаксыздыкты, ишенимсиз сөздөр ж.б өлүмгө беришибиз керек. Бул жөрөлгөлөр Кудайдын ачуусун келтирет[8].
Биз Машайактын бейнеси боюнча жаңы адамды «кийишибиз» керек. Бул өзүнө боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту, кечиримдүүлүктү жана «баарынан көп» сүйүүнү камтыйт. Бул сапаттарды өнүктүргөн сайын, биздин журөктөрүбүздө Кудайдын тынчтыгы болот жана Машайактын сөзү биздин ичибизден орун алат[9]. Бул жаңы жашоо үй-бүлөлүк мамилелерди өзгөртөт (3:18-4:1) жана ишенбегендер үчүн жакшы кабарды жагымдуу кылат (4:5-6).
[5] Кол. 2:18. «Периштелердин табынуусу», кыязы алардын өзүнө табынууну билдирбейт (бул бардык жүйүт окутууларына карама-каршы келмек), бирок бул сөздөр узак убакытка орозо кармоо сыяктуу аскетикалык иш-аракеттер аркылуу, табынуучулар мистикалык түрдө Кудайдын тактысынын алдындагы периштелерге кошула алат деген идеяны билдирет. Колостогу жалган окутуучулар машайакчыларды ушундай иш-аракеттерге кошулууга чакырган.
[10]«Ыйык Китепте Машайакка эң көп көңүл бурган китептердин бири катары, Колосалыктарга жазылган каттын бүтүндүгү Машайактын эгедерлик кылган кудайлык жана баарынан жогору инсандыгына негизделген».
- ESV Study Bible
Филемонго жазылган кат
Тарыхый кырдаал
Пабылдын эң кыска каты Филемонго – колостук бай машайакчыга даректелген. Кыязы Филемон Пабыл Эфесте кызмат кылган учурда куткарылып калган. Анын үйү Колос жыйыны жолугуучу жер болуп калган.
Биринчи кылымда кеңири таралган сыяктуу эле, Филемондун да Онесим деген кулу бар болгон, ал Римге качып кеткен. Рим качкын жашырына алган империядагы эң жыш жана коопсуз шаар болгон. (Бүгүн качкындар Нью-Йоркто, Мексикодо, Лагосто жана башка чоң шаарларда жашырынса болот).
Бирок Онесим Кудайдан жашына алган эмес! Бул чоң шаарда Кудай Пабыл менен Онесимди жолуктурган; ал ишенип калган жана Пабылга жардам бере баштаган.
Кайсы бир учурда бул жаңы ишенип калган машайакчы өзүнүн мурунку жашоосу менен жолугуусу керек болду. Балким ал качып кетеринин алдында өзүнүн кожоюнунун акчасын уурдап алган[1]. Онесим ырайымсыз жазаланууга туш болушу мүмкүн эле: качып кеткен кулдун чекесине качкын экенин билдирген энтамга басып, атүгүл өлтүрүп салышкан. Ушуну билип туруп, Пабыл Онесим Филемонго жолугуу үчүн кайтып барганда өзү менен чогуу ала барсын деп колдоо үчүн кат жазып берген.[7]
Жазылган максаты
Пабыл бул катты эң жөнөкөй максат менен жазган, бул – элдешүү жөнүндөгү сураныч. Онесим Кудай менен элдешкен; Пабыл Филемондон качып кеткен кулу менен элдешүүсүн суранат.
Мазмуну
Пабыл машайакчы-бир туугандарга мурун көрсөткөн берешендиги үчүн Филемонго ыраазычылык келтирип баштайт. Филемондун ишенгендерге болгон сүйүүсү Пабылдын эми ал ишенип калган Онесим жөнүндөгү суранычынын негизи болуп калган.
Пабыл (Галатиялыктарда жазылгандай) өзүнүн элчилик кадыр-баркына таянбай, сүйүүнүн негизинде суранат. Кат ортолоп калган учурда каттын жазылган себебин айтат: «уулум болуп калган Онесим тууралуу сенден өтүнөм» [2]. Филемон – Пабылдын ишенимдеги уулу, эми ал дагы бир Филемондун качып кеткен кулу менен «уулду болду».
Онесим деген ат «пайдалуу» же «кирешелүү» дегенди билдирет; бул кулдар үчүн кеңири таралган ат болгон. Пабыл: «Ал бир кезде сен үчүн «пайдасыз» болгон, бирок азыр сага да, мага да пайдалуу» –деп жазат[3]. Онесим эми өзүнүн атына жараша жашайт: Ыйсанын күчү аркылуу ал пайдалуу болуп калды.
Пабыл Филемон Онесимди бошото аларын кыйытып айтат, бирок бошотуусун талап кылбайт[4]. Пабыл Филемондон, ал Пабылдын өзүн кандай кабыл алса, Онесимди да ошондой кабыл алуусун суранат[5].
Филемонго каты Пабылдын бошотулуусу жөнүндө сыйынып туруу өтүнүчү менен аяктайт. Элчи түрмөдөн бошотулгандан кийин Филемонго барып кетем деген үмүтү бар экенин жазат. Бул Пабылдын жумшак түрдө Филемон Онесимге кандай мамиле кылып жатканын жакында көрөрүн кыйытып айтканы деп ойлойсуңарбы?
Көп адамдар Пабыл кулчулукту айыптабаганына арызданышкан, бирок элчи кожоюндарга кулчулук уланбай турган чөйрөнү жаратууну буйруган[6]. Машайактагы бир тууганың катары карагандарга кожоюн болуу мүмкүн эмес.
Тарыхый эпилог
Жазууда Онесим кайра Филемонго кайтып баргандан кийин эмне болгону жөнүндө айтылбайт. Тарыхта Филемон Онесимди бошотконун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген эки маалымат кездешет.
Байыркы Лаодикеянын баяны (Колостун жанында жайгашкан) кожоюну бошоткон кулга арналган. Кожоюндун аты Маркус Сестий Филемон.
Бул кат жазылгандан бир нече жылдан кийин, Онесим деген бир адам Эфес жыйынынын эпископу болуп калган.
Балким, Филемон Онесимди ал Пабылга кайтып барсын деп бошоткон, ал эми элчи аны жыйын жетекчиси болууга даярдаган. Эгер ушундай болсо, анда Пабылдын Эфестеги кызматы Филемондун мурунку кулу – Онесимдин насааттары аркылуу уланган. Кудайдын максаттары жана пландары биз көрө алгандан бир топ алыска кетет!
[7]«Биз баарыбыз Теңирдин Онесимдерибиз. Жараксыздар жарактуу болуп калат. Бул Кудай адамдарда иштегенинин түгөнгүс сүрөтү. Биз баарыбыз качып кеткен күнөөнүн кулдарыбыз»
- Мартин Лютер
Түрмөдөн жазылган каттар бүгүн жыйындарда
Түрмөдөн жазылган каттар бизге доктрина күндө иш жүзүндө аткарылышы керектигин эске салат. Бул каттарда Пабыл өзүнүн окурмандарын чакырыгына ылайык өмүр сүрүүгө чакырат. Туура доктринаны жарыялоо жетишсиз: биз күн сайын ишенимбизге ылайык жашашыбыз керек.
Эфестиктерге жана Колосалыктарга жазылган каттар бизди руханий согуштун реалдуулугуна үйрөтөт, «анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз»[1]. Руханий согуш реалдуу, бирок бул каттар бизди Машайак бул согушта жеңгенине үйрөтөт. Биздин көңүлүбүз негизгинен утулуп калган согушта күрөшүүсүн уланткан душманга эмес, бизге жеңишти алып келген Машайакка бурулуусу керек.
Филемонго жазылган кат иш жүзүндө элдештирүүчү жакшы кабар реалдуу дүйнөдө көрүнүшү керектигин эске салат. Пабылды иш жүзүндө ишке ашпаган ой канааттандырган эмес. Ал Кудай менен «качып кеткен күнөөкөрдү» элдештирген кабар Филемон менен качып кеткен кулду да элдеширерин айтат. Келишпестик жана талкаланган мамилелер дүйнөсүндө, биз жакшы кабардын күчү элдешүүгө алып келерин көрсөтүшүбүз керек.
Рим империясындагы машайакчылар бузулган дүйнөдө жакшы кабарга ылайык кандай жашаш керек экенин түшүнүшкөн. Пабыл филипиликтер «бул дүйнөдө жаркырап турушуңар үчүн, кежир, бузулган бул муундун арасында, Кудайдын таза кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары болушуңар үчүн, бардыгын наалыбастан, шектенбестен кылгыла» – деп жазат[1]. Ал жыйындан чыккан жарык, дүйнө караңгы болгон сайын дагы көбүрөөк жаркыраарын билген.
Рим империясынын караңгы күндөрүндө кээ бир машайакчылар «өздөрүнүн жашоосун Машайак үчүн тобокелге салгандар» деген ат менен белгилүү болушкан, анкени алар башкаларды куткаруу үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салган. Пабыл бул терминди Прискила жана Акилага карата «алар менин өмүрүм үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан» [2] дегенде колдонот: алар Пабыл үчүн өмүрлөрүн тобокелге салышкан.
Биринчи кылымда машайакчылар шаардагы таштанды ташталчу жайга ыргытылган керексиз ымыркай балдарды куткаруу менен коомдун каарына калуу коркунучуна кабылышкан. Үчүнчү кылымда эпископ Карфаген чума убагында өзүнүн жамаатын өмүрлөрүн тобокелге салуу менен шаарды сактап калуу үчүн, өлүп бара жаткандарга кам көрүүгө жана өлгөндөрдү көмүүгө чакырган.
Алгачкы жыйын «эски адамды таштоо» жөн гана чогулушка барып келүүдөн көптү билдирерин билген; бул Машайакка жана Анын максаттарына тиешелүү жаңы өмүр сүрүү; бул жакшы кабар «дүйнөдө жаркырашы» үчүн өмүрдү тобокелге салууну да билдириши мүмкүн.
Сабакты түшүнгөнүңөрдү төмөнкү тапшырмаларды аткаруу менен көрсөткүлө.
1. Тапшырмалардын бирин тандагыла:
Эфестиктерге жазылган каттан үй-бүлө жөнүндө насаат же библиялык сабак даярдагыла. Бул колго жазылган же басылып чыгарылган 5-6 барак текст, же насааттын, же библиялык сабактын аудио жаздыруусу болушу мүмкүн.
Эфестиктерге жазылган каттан жыйын жөнүндө насаат же библиялык сабак даярдагыла. Бул колго жазылган же басылып чыгарылган 5-6 барак текст, же насааттын, же библиялык сабактын аудио жаздыруусу болушу мүмкүн.
Филипиликтерге жазылган кат боюнча машайакчылык жашоонун кубанычы жөнүндө насаат же библиялык сабак даярдагыла. Бул колго жазылган же басылып чыгарылган 5-6 барак текст, же насааттын, же библиялык сабактын аудио жаздыруусу болушу мүмкүн.
Колостуктарга жазылган кат боюнча Машайактагы жаңы жашоо жөнүндө насаат же библиялык сабак даярдагыла. Тапшырманы 5-6 барак кылып колго жазылган же басылып чыгарылган 5-6 барак текст, же насааттын, же библиялык сабактын аудио жаздыруусу болушу мүмкүн.
2. Сабактын материалынын негизинде тест жазгыла. Тестте Ыйык Жазуудан жаттоо үчүн берилген аяттар бар.
7-сабак Тесттин
1. Түрмөдөгү каттар качан жана кайдан жазылган?
2. Эмне үчүн Эфестиктерде жеке салам узатуулар жок?
3. Эфестиктерге катындагы эки чоң бөлүктү атагыла.
4. Куткарылуудагы үчбирдиктин ар биринин ролун атап бергиле? (Эфестиктерге 1)
5. Эфестиктерге 3кө ылайык «жакшы кабардын сыры» эмнеде?
6. Филипи жыйыны туш болгон эки коркунучту атагыла.
7. Филипиликтерге 2деги «өзүн басынтуу» деген эмнени билдирет?
8. Колостогу жалган окутууга кайсы үч нерсе таасирин тийгизген?
9. Синкретизмге аныктама бергиле.
10. Түрмөдөн жазылган каттардын бүгүнкү күндө жыйын үчүн пайдалуу болгон үч аспектисин атагыла.
11. Эфестиктерге 4:11-16 жана Колосалыктарга 3:1-4 эстеп жазгыла.
SGC exists to equip rising Christian leaders around the world by providing free, high-quality theological resources. We gladly grant permission for you to print and distribute our courses under these simple guidelines:
No Changes – Course content must not be altered in any way.
No Profit Sales – Printed copies may not be sold for profit.
Free Use for Ministry – Churches, schools, and other training ministries may freely print and distribute copies—even if they charge tuition.
No Unauthorized Translations – Please contact us before translating any course into another language.
All materials remain the copyrighted property of Shepherds Global Classroom. We simply ask that you honor the integrity of the content and mission.