Жалган окутуулар бүгүнкү күндө жыйындар үчүн жаңы нерсе эмес; жада калса биринчи кылымда да жыйынды адаштыруучу ыкмаларды издеген адамдар болгон. Кээ бир жалган окутуучулар Машайактын кудайлыгын четке каккан; Пабыл буга Колосалыктарга катында жооп берет; башкалар элчилердин кызматына кол салышкан, бул жөнүндө Пабыл 2 Корунттуктарга катында айткан; башкалары тирилүү ишке ашкан деп жарыя кылган, Пабыл буга 2 Тиметейге 2:18де жооп кайтарат. Биринчи кылымдын аягында Жакан «дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болду» деп жазган[1].
Чындыкты түшүнүүнүн көпчүлүк кыйынчылыктары Ыйык Китептин табиятына тиешелүү. Бүгүнкү күндө эң коркунучтуу жалган окутуулар Ыйык Китептин ишенимдүүлүгүн четке каккандардан же Ыйык Китептин канонунан сырткары аян ачылыштардын жаңы булактарын таптык деп жарыялагандардан келип чыгат.
Бул сабакта биз Жаңы Келишим менен байланыштуу үч суроону карайбыз. Бул сабактын максаты – Жаны Келишимдин абройуна ишенимдүүлүктү орнотуу. Биз төмөнкү суроолорду карап чыгабыз:
Биз кайсы китептерди Кудайдын Сөзү катары кабыл ала алабыз? Канонго тиешелүү суроо.
Биз Кудайдын Сөзү катары кабыл алышыбыз керек болгон «жоголуп кеткен» китептер барбы? Апокрифке тиешелүү суроо.
Биздин текст башындагы нукура текстке төп келеби? Текстуалдык ишенимдүүлүккө тиешелүү суроо.
Ыйык Китептин канону машайакчылар үчүн эң маанилүү нерсе болуп эсептелет. Ал Кудайдын эли үчүн кайсы китептер Кудайдын Сөзү болуп эсептелет деген суроолорго жооп берет. Биз Жаңы Келишимдеги китептер чын эле Кудайдын Сөзү экенин кайдан билебиз?
«Канон» деген термин грек тилинен келип чыккан, «эреже» же «чен өлчөм» дегенди билдирет. Жаңы Келишим кайсы бир жазуулар чындыгында Кудайдын Сөзү экенин аныкташ үчүн алгачкы жыйын колдонгон чен өлчөмгө туура келген китептерден турат. Канондун пайда болушуна эки нерсе түрткү болгон.
Жалган доктрина. Бүгүнкү күндөгүдөй эле алгачкы жыйында да жалган октуучулар библиялык аяндардын бир бөлүгүн четке каккан. Мисалы, экинчи кылымда Маркион Байыркы Келишимдин Кудайы каардуу болгон деп окуткан. Өзүнүн окутуусун тастыктоо үчүн, Маркион Ыйык Китептеги Пабылдын каттары жана Луканын бир аз жеринен башка Ыйык Китептин бардык китептерин четке каккан. Баары үчүн бирдей канонду кабыл алуу туруктуу окутуунун негизин камсыз кылуу үчүн маанилүү болгон. Окутуучулар өздөрү үйрөтүп жаткан доктрина Кудайдын Сөзүнө негизделгенине толук ишене алышы керек болчу.
Куугунтуктоолор. Куугунтуктардын убагында машайакчыларды Ыйык Китептери болгон үчүн өлтүрүшкөн. Алар кайсы китептер үчүн өлүмгө даяр экенин билиши керек болгон.
Төртүнчү кылымда машайакчылык жыйын Кудай шыктандырган тексттердин тизмеси боюнча макулдукка келишкен. Алар Жазуу деп жарыяланган китептерди текшерүү үчүн үч текшерүүнү колдонушкан. Канондун бир бөлүгү болуш үчүн, китеп үч чен өлчөмгө туура келиши керек болгон.
Автор. Автор элчи же элчилер менен тыгыз мамиледе болгон адам болушу керек болчу. Жакшы Кабарга тиешелүү Матай жана Жакан элчи болушкан; Лука – Пабыл менен, Марк болсо Петир менен чогу саякаттаган.
Кабар. Китептин кабары Байыркы Келишимдин аяндарына каршы болбой, Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына ишенимдүү болушу керек. Китеп руханий бекемдей турган болушу керек.
Кабыл алынуусу. Канондун бир бөлүгү болушу үчүн китеп бүт жыйындар тарабынан кабыл алынуусу керек болгон.
Заманбап сынчылдар канон жыйын башчылары тарабынан бийликти колго алуу куралы катары түзүлгөнүн айтып талашышат. Мындай сынчылдар канонду бардыгы үчүн бирдей кабыл алынган чен өлчөм катары кабыл алышпайт; ал дымактуу (амбициозный) епископтордун ойлоп тапканынын жыйынтыгы эмес. Жаңы Келишимдин канону б.з. 397-жылы Карфаген кеңешмесинде расмий түрдө кабыл алынган, бирок Жаңы Келишимдин китептери буга чейин 200 жыл мурун богословтор тарабынан аныкталган.[2]
Богослов Д. Пакер: «Жыйын бизге Жаңы Келишимдин канонун, Ньютон жердин тартылуу мыйзамын бергендей эле берди» деген[1]. Ньютон жердин тартылуусун ойлоп тапкан эмес, ал Кудай мурун эле жаратып койгон нерсени ачкан: так ушундай эле жыйын канонду жараткан жок: жыйын Кудай мурун эле шыктандырып койгон китептерди ачты.
Карфенген кеңешмеси ишенимди жолдоочулар тарабынан мурун эле кабыл алынган канонду ырастаган. Канон бардык кылымдардын машайакчылары Кудай тарабынан шыктандырылган Кудайдын Сөзү катары кабыл алган китептерди камтыйт.
[1] J.I. Packer, God Speaks to Man. Westminster Press, 1965, 81
[2]«Менин жүрөгүм Сөзгө - Кудайдын жазылган Сөзүнө таянат; Куткарылуу менин Куткаруучумдун ысымы менен, Куткарылуу Анын каны аркылуу».
- «Менин ишенимим тынчтык тапты» Лидии Энмундстун Гимни
Апокрифтер
Жаңы Келишим мезгилиндеги апокрифтер – бул ыйык машайкчылык жазуулар деп жарыяланган, бирок алгачкы жыйын тарабынан четке кагылган китептер.
Окумуштуу-жазуучулар да, бегилүү новелисттер да, саясий себептердин айынан жыйын тарабынан тыюу салынган «жоголуп кеткен Жакшы Кабарлар» жөнүндөгү ойду туу тутушкан[1]. Алар алгачкы машайакчылар тандаган кээ бир китептер, жыйындын окуусуна каршы чыккан бардык ойлорду басып салуу үчүн, кийин жыйын кызматчылары тарабынан тыюу салынганын жарыялашкан. Бул теорияга ылайык, кайрадан табылган бул «Жакшы Кабарлар» Ыйсанын кыздан төрөлүүсү, Ыйсанын кудайлыгы, тирилүүнүн тарыхый чындыгы жана дагы башка машайакчылыктын негизги доктриналары тууралуу жыйында чоң талаштар болгонун көрсөтөт. Бул сынчылдар төртүнчү кылымга чейин бардыгы тарабынан бирдей кабыл алынган канон жок болгонун айтып талашат.
Бирок бул «жоголуп кеткен Жакшы Кабарлар» алгачкы жыйындын тарыхында жакшы белгилүү болушкан жана четке кагылышкан. Экинчи кылымда Тертуллиан жана Игнатий сыяктуу жазучуулар, жалган окутууларга каршы чыгышкан. Бул китептердин кээ бирөөлөрүн экинчи кылымда эле Мураторийдин канонунда Жаңы Келишимге китептер киргизилип жаткан убакта жалган окутуулардын катарына киргизилген. Жүйүттүн каты биринчи кылымда да «ыйыктарга бир ирет берилген ишеним үчүн күрөшүүгө» туура келгенин айтат, анткени «жашыруун түрдө кирип алган адамдар бар»[2].
Апокриф-китептеринин диапазону – алгачкы жыйындагы иш-аракеттерди баяндоодо баалуулукка ээ болгон ортодоксалдык тексттерден, жалган окутууну жарыялаган тексттерге чейин. Кабыл алынган апокриф-китептери – Клименттин 1 каты, Барнабанын каты, Дидахе жана «Пастырь» Гермы. Бул тексттердин окутуулары ортодоксалдуу, бирок алар канондук китеп болуш үчүн алгачкы жыйындын бардык чен өлчөмдөрүнө туура келген эмес.
Жалган апокриф-китептер – Томастын Жакшы Кабары, Лаодикеяга жазылган кат, Петирдин «Апокалипсис» китеби, Ыйсанын айгаш жыгачта күлүп турганынын баяндаган гностикалык тексттер. Мындай тексттер эч качан жыйындар тарабынан кабыл алынган эмес. Бул китептер Карфаген кеңешмесинде четке кагылган деп айтуунун ордуна, алар бир да жыйын тарабынан, эч качан Жазуу катары каралган эмес деп айтуу туура болот.
Апокрифтик тексттер машайакчылар үчүн ишенимдүү тарыхый чындык болуп эсептелбейт. Биздин ишенимибиз «ыйыктарга бир ирет берилген ишенимге» негизделген[3]. Бул ишеним өзгөргөн эмес жана өзгөрбөйт; ал Кудайдын Сөзүнүн бекем пайдубалына негизделген.
[1] Элейн Пагельс тарабынан жазылган «Гностические евангелия» деген китеп илимий мисал болуп эсептелет. Ушул эле ой Дэном Браун тарабынан жазылып, бестселлер болуп калган «Код Да Винчи» деген романда чагылдырылган.
Сынчылардын үчүнчү каршы жүйөөсү – Жаңы Келишим ишенимдүү эмес. Алар китептер көчүрүлүп жатканда, каталар кетип калган деп талашып келишет. Бул сынчылар, нукура тексттер чындап Кудай тарабынан шыктандырылган болсо да, бүгүнкү күндө биз кармап турган Ыйык Китеп так экенин биле албайбыз дешет.
Ыйык Китептин тексти туура экенине ишеним арта алабызбы? Бул суроого жооп: «Ооба!» Жаңы Келишимдеги китептер колго жазылып өткөрүлүп берилген жана байыркы кол жазмаларды көчүрүп жаткан учурда ката кетирип алышы мүмкүн, бирок алар Кудайдын шыктандырылган Сөзү болгондуктан, көчүрүүчүлөр бул тапшырмага өзгөчө кылдаттык менен карашкан. Окумуштуулар Жаңы Келишимдин тексттерин мүмкүн болушунча так көчүрүүгө өмүрлөрүн арнашкан.
Жаңы Келишимдин баарын же бир бөлүгүн камтыган 5,000 байыркы кол жазманын негизинде, заманбап тексттер алгачкы кол жазмалар менен дал келерине жетиштүү далилдер бар. Жаңы Келишим сыяктуу, байыркы кол жазмалар менен ырасталган башка байыркы текст жок.
Эки байыркы текстти салыштыруу
Жаңы Келишим
Гомер «Илиада»
5000ден ашуун байыркы кол жазма
643 байыркы кол жазма
Эң алгачкы аман калган байыркы кол жазмалар-жазылгандан кийин 100 жылдан азыраак
Эң алгачкы аман калган байыркы кол жазмалар– нукура композициядан 500 жыл кийин
1%дын ½ бөлүгү суроо жаратат*
5% сөздөр так эмес
Сен кайсы текстке ишеним артасың?
* Бул сөздөрдүн бири дагы доктриналарга же тарыхый фактыларга таасири тийбейт. Байыркы кол жазмалардын Лука 10:1 сыяктуу аяттарында айырмалар бар; кээ бир кол жазмалар 70 адам жөнүндө айткан жерде, башкалары 72 адам жөнүндө айтат. Бул жакшы кабардын кабары же машайакчылык доктрина менен байланыштуу тексттин ишенимдүүлүгүнө тиешелүү суроолор эмес.
Бул биз үчүн эмнени билдирет?
Эгер биздин Ыйык Китеп ишенимдүү болбосо, биздин ишенимибиздин бекем пайдубалы жок болот, бирок биз Жаңы Келишим – бул шыктандырылган, катасыз Кудайдын Сөзү экенине ишенебиз.
Канон алгачкы жыйындын бул 27 китеп Кудай тарабынан шыктандырылган Кудайдын Сөзү экенине биримдикте макул болгонун көрсөтөт. Башка апокриф-китептери канонго кирүү үчүн текшерүүдөн өтпөй калышкан жана ортодоксалдуу машайакчылар тарабынан кабыл алынбашы керек. Ошондой эле негизгиси: биздин текст нукура текстке туура келерине толук ишене алабыз.[2]
Биз Жаңы Келишимди окутканыбызда, толук ишеним менен окута алабыз. Биз «Ыйык Жазуунун баардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, ондоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» [1] – деп жарыялайбыз жана окутабыз.
[2] Джон Уэсли Ыйык Китептеги каталар жөнүндө «Жок, эгер ал жакта каталар болсо, анда алар миңдеп саналмак. Эгер бул китепте так эместиктер болсо, анда ал бизге чындыктын Кудайы тарабынан берилген эмес».
- Джон Уэслинин, күндөлүгү июль 24, 1776
Сабактын тапшырмасы
Бул сабакты түшүнгөнүңөрдү Ыйык Китептен жаттоо үчүн алынган аяттар камтылган тестти жазуу менен көрсөткүлө.
13-сабак Тесттин
1. Жаңы Келишимге байланыштуу «канон» деген сөз эмнени билдирет?
2. Жаңы Келишим канонун түзүүнүн эки себебин атагыла.
3. Жаңы Келишимдеги канонду аныктоо үчүн үч чен өлчөмдү атагыла.
4. «Апокриф» деген сөзгө аныктама бергиле.
5. Жалган окутууга каршы турган эки алгачкы машайакчыны атагыла.
6. Жаңы Келишимге карата «тексттин ишенимдүүлүгү» деген термин кайсы суроого тийешелүү?
7. Жаңы Келишим жана «Илиада» байыркы кол жазмаларынын далилдерин салыштыргыла.
Lesson 13:Бүгүн жыйындардагы Жаңы Келишим жөнүндөгү суроолор
Print Course
SGC exists to equip rising Christian leaders around the world by providing free, high-quality theological resources. We gladly grant permission for you to print and distribute our courses under these simple guidelines:
No Changes – Course content must not be altered in any way.
No Profit Sales – Printed copies may not be sold for profit.
Free Use for Ministry – Churches, schools, and other training ministries may freely print and distribute copies—even if they charge tuition.
No Unauthorized Translations – Please contact us before translating any course into another language.
All materials remain the copyrighted property of Shepherds Global Classroom. We simply ask that you honor the integrity of the content and mission.