Бул сабактын аягында студент төмөнкүлөрдү билүүгө милдетүү:
(1) Палестинанын географиясын жана анын Жаңы Келишим доорундагы маанилүүлүгү.
(2) Жаңы Келишимдеги тарыхый кырдаалды түшүнүү.
(3) Римдиктердин, гректердин жана иудейлердин Жаңы Келишимге тийгизген таасирин билүү.
(4) Байыркы салттарды жана негиздерди Жаңы Келишим доорунда баалоо.
Ушул Сабакка даярдануу
Матай китебин окуу 1:1-7; Лука 1:1-5; 2:1-5.
Жаттоо үчүн аят: Галатиялыктарга 4:4-5.
Жаңы Келишимдеги тарыхый жана географиялык факторлордун маанилүүлүгү
► Машайакчылык ишенимде Ыйык Китептеги тарыхый чындык маанилүүбү? Эмнеге?
Машайакчылык ишеним тарыхый чындыктарга негизделген; ал өзүн адамзатынын тарыхында көрсөтүп келген Кудайдын иш-аракетине, ошондой эле Ыйсанын «… адам болуп биз менен жашап турган…»[1] жашоосуна негизделген. Ошол себептен Жаңы Келишимди түшүндүрүү үчүн тарыхый кырдаалды түшүнүү абдан маанилүү. Бул сабактын башталышында Матайдан жана Лукадан алынган үзүндүлөр аркылуу авторлор Ыйсанын жашоосунун тарыхый кырдаалына өзгөчө көңүл бурат.
Машайакчылык башка дүйнөлүк диндерден кескин түрдө өзгөчөлөнүп турат. Чыгыш агымдарын жолдогондордон байкаганыбыздай эле, буддисттер, буддасы жок деле ошол бойдон кала берет, индуизм болсо, көп кудайлары жок болуп кетсе деле өтө өзгөрүп кетпейт. Бирок машайакчылык Назареттик Ыйсанын өмүрү жана өлүп кайра тирилүүсү жок болсо, маңызсыз болуп калат. «Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда биздин Жакшы Кабар таратканыбыздын да, силердин ишенимиңердин да пайдасы жок»[2].
Машайакчылык – бул тарыхый ишеним. Ыйык Китеп – бул тарыхый китеп. Ал бизге миф жана уламыштарды айтып бербейт; ал тарыхта болгон окуялардан алынган. Айрым заманбап окуумуштулар Ыйык Китеп – илимге чейинки уламыштар менен көрсөтүлгөн укмуштуу этникалык ой-толгоолордун жыйнагы дешет. Бирок Ыйык Жазуу бизге мындай тандоо бербейт: Ыйык Китеп өзү жөнүндө ал тарыхый чындык экендигин так айтат.
Жаны Келишимдеги окуялар белгилүү бир убакытта, жерде жана белгилүү бир маданиятта болгон. Убактысы – б.з. биринчи кылымда, орду – Палестина жана Рим дүйнөсү, маданияты –жүйүт, грек жана рим маданияты. Тарыхый жана географиялык жагдайларга байланыштуу биз окутуубузду Ыйсанын дүйнөсүн жана алгачкы жыйындарды карап чыгуудан баштайбыз.
Ысрайыл тарыхынын борбору жана Ыйсанын жердеги кызматы. «Назареттик Ыйса» деген ысым дагы – Анын жашоосу белгилүү бир жерде өткөнүнүн маанилүүлүгүн билдирет.
Палестинанын аймагы – узундугу болжол менен 235 километр жана туурасы 75 километр. Анын территориясы анча чоң эмес болсо дагы, байыркы тарыхтагы окуялардын стратегиялык орду болуп калган. Палестина түштүк-батыш жагында Мисир (Египет), түндүгүндө Сирия, түндүк чыгыш жагында Ашур жана чыгыш жагында Бабылдын ортосунда жайгашкан, ошондуктан ал жер соода сатык өтмөккө айланып, аскердик стратегиялык мааниге ээ жер болуп калган.
Батыш-чыгыш жеринин чектери
Палестинада саякаттаганда батыштан чыгышты көздөй жол жүргөн (Жер ортолук деңизден Иорданды көздөй) адам үч ар башка аймакты басып өткөн. Жээктеги түздүктөн баштап Жер ортолук деңиздеги рельеф борбордук тоолуу жерлер аркылуу эң бийик чекитке чейин болжол менен деңиз деңгээлинен 800 метр көтөрүлөт. Иерусалим Израилдин руханий да, географиялык да эң жогорку чекити болгон.
Мындан ары чыгышты көздөй Иудея чөлү уланат, бул рельефти өзгөрө берген тоолуу территория. Бул аймак саякатчылар үчүн аябай кооптуу жана жергиликтүү тургундар үчүн меймандос эмес жер болгон.
Бул тоолуу аймактан Иордан өрөөнү деңиз деңгээлинен 415 метрге ылдыйлайт жана жердеги эң төмөнкү чекит болуп эсептелет. Иордан дарыясы Галилей деңизинин түндүктөгү тоолорунан баштап, түштүктөгү Өлүк деңизине чейин 100 километр жерге агып келет. Римдиктер Иудеяга б.з. 66- жылы кол салганда эссейлер деп аталган жүйүт тарых изилдөөчүлөрү, Өлүк деңизинин тегерегиндеги үңкүрлөргө өздөрүнүн китепканасын катып коюшкан. Ушул Өлүк деңиз түрмөктөрү 1946-жылы табылган, жана биз колдонгон Байыркы Келишимдин эң байыркы кол жазмалары болуп эсептелет.
Ыйсанын узакка созулган кызматынын убагында, Иордан дарыясы Анын саякаттарынын чыгыш чеги болгон, бирок кээде Иордандын аркы жээгине өтүү үчүн ал Галилей деңизинен өткөн. Бул аймакта Он шаар (Он шаар, гректер үстөмдүк кылган убакта негизделген) жана Перея шаары жайгашкан. Ыйса өзүнүн артынан ээрчиген адамдарды таң калтырып бул аймактагы бутпарастарга кызмат кылууга даяр болгон. Он шаарда жана Переяда Ыйсанын шакирттери Анын кичинчерээк буйрук кыла турган: «Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө» [1] жакшы кабар таратуу жөнүндөгү буйругунун биле башташкан.
Түндүк-түштүк жерлеринин чектери
Түндүктөн түштүктү көздөй бет алганда саякатчы Галилеядан Самария аркылуу Палестинанын диний жана саясий борбору болгон Иудеяга барган. Галилея соода сатык аймагы болгон, ал туздуу эмес Галилей көлүнүн айланасында жайгашкан. Ушул кооз аймактагы эң кичинекей айылдардын бири Назарет болгон. Галилеялыктар Галилей көлүнүн мол балыгына жана Галилей көлүнүн түндүк-батыш жээгиндеги тынч аймакта – Генисарет түздүгүндө жыл бою түшүм берегн жашылча жемиштерге ырахаттана алышкан.
Самария түндүктөгү жүйүттөрдү Иерусалимдин ийбадатканасынан бөлүп турган. Самариялыктар, б.з.ч 722 жылы ашурлуктардын басып алуусунан кийин, аралаш никеге турган жүйүттөрдүн тукуму болгон. Алар Байыркы Келишимдин мыйзамдарын аткарышкан, сүннөткө отургузулууну колдонушкан, майрамдарды өткөрүшкөн жана Машайактын келишин күтүшкөн, бирок Гаризим тоосунда самариялыктардын өздөрүнүн Кудайга табынуучу жери болгон жана жүйүттөр аларды таза эмес деп эсептешкен. Көпчүлүк жүйүттөр Иордандын чыгыш жээктерине саякаттаганда Самария аркылуу өтпөш үчүн гана Иордандын аркы өйүзүнө өтүүнү каалашкан, бирок Ыйса кудуктун жанындагы аялга кызмат кылуу үчүн атайын Самария аркылуу өткөн. Ошол Самариялык аял Ыйсанын “Машайакмын” деген ачык билдирүүсүн биринчилерден болуп уккан[2].
Жүйүт жана анын борбордук шаары Иерусалим түштүктө жайгашкан. Бир нече чакырымга көрүнүп турган Сион тоосу, жүйүт ишениминин диний борбору болгон. Жүйүттөр жыл сайын үй-бүлөлөрү менен ийбадатканага барышчу. Ыйсанын үй-бүлөсү да, Анын бала кезинде ал жакка барышчу жана «ал Анын Атасынын үйү» [3] болгон, ушул жерде Ыйса мыйзам окутуучулардын арасынан табылган.
Иерусалим кулагандан баштап б.з.ч. 586-жылы Бабылга чейин тарыхта Палестинада баш аламандык жана көтөрүлүштөр болгон. Иудея мындан ары кайра өзүнүн башындагы даңкына кайтып бара алган эмес.
Бабыл империясы кулап персиялык император Кирге баш ийгенге чейин, Палестинаны көзөмөлдөгөн. Б.з.ч. 539-жылы Кир жүйүттөрдүн Иерусалимге кайтып келүүсүнө уруксат берген. Кийинки жүз жылдык аралыгында Эзра, Зоробабыл жана Некемиянын жетектөөсүнүн алдында шаар кайра курулган, бирок Иерусалим дагы деле Персиянын көзөмөлүндө кала берген. Ошол себептен Ыйсанын күндөрүндө катардагы адамдар арамей тилинде сүйлөшкөн, ал Персия империясынын тили болгон.
Б.з.ч. 334-жылы Улуу Александр Персияны жеңген жана Палестина Грек империясынын бир бөлүгү болуп калган. Б.з.ч. 323-жылы Александр өлгөндөн кийин анын империясы төрт генералга бөлүнгөн. Палестина эки генерал менен алардын жолдоочулары болгон Птоломей менен Селевкиддердин талашына калган. Бул Иудеянын тарыхындагы эң караңгы мезгил болгон; бул убакта Антиох Эпифан (грек селевкид башчы) ийбадаткананы булгап, анын ичине гректердин кудайы Зевске арнап курмандык чалынуучу жай курган.
Маккавейлердин көтөрүлүшүнүн себеби Антиох Эпифандын тираниясы болгон. Маккавейлердин үй-бүлөсү Иудеяны үстүнөн көзөмөлдөп, Хасмонейлер династиясын орноткон. Б.з.ч 166-жылдан 63-жж. чейин Палестинаны Маккавейлердин үй-бүлөсү жана анын тукумдары башкарган. Тилекке каршы атаандашкан үй-бүлөлөрдүн жана Кудайдан четтөөнүн айынан бул убакта улуттук туруксуздук болгон. Б.з.ч 67-жылдары бул үй-бүлө жарандык согушка аттанган.
Рим жүйүт лидерлеринин бөлүнүүсүн мүмкүнчүлүк катары колдонуп, тезинен Палестинаны басып алган. Б.з.ч 63-жылы Рим генералы Помпей Иерусалимди басып алган жана өзүнүн өкүлү катары Гиркан IIни башкы ыйык кызмат кылуучу кылып, иш жүзүндө Иудеянын башчысы кылып дайындаган. Ыйсанын убагында Палестинаны Рим башкарган.
Б.з.ч. 37-жылы Рим сенаты Улуу Иродту Иудеянын падышасы кылып дайындаган. Ирод эдомдуктардын тукумунан чыккан идумей болгон. Эдомдуктар израилдиктердин байыркы душмандары болгон. Алар израилдиктерге өздөрүнүн жери аркылуу Ханаанга өтүүгө тыюу салышкан[1]. Иерусалим кулаганда эдомдуктар менен бабылдыктардын кызматташуусу Обадийдин сот жөнүндөгү пайгамбарлыгынын аткарылуусуна алып келген.
Б.з.ч. 30-жылдары Ирод өзүнүн душмандарын жеңген жана Иудеянын жалгыз башчысы болгон. Ироддун ичинде жакшы жана жаман татаал аралашма сапаттар кайнап турган. Бир жагынан ал жүйүттөрдү сыйлаган, ийбадаткананы курган жана тамактануу мыйзамдарына баш ийген. Башка жагынан алганда, ал кызганчаак зөөкүр болгон: Ирод өзүнүн бир нече уулун, тактыга отуруп ага атаандаштык кыла турган жашка келгенде өлтүрткөн. Иродго өзүнүн тактысын коргоо үчүн Бейт-Лехемдеги наристелерди кыруу арзыбаган нерсе болгон. Периште Жусупка Мисирге кач деп буйрук бергенде, Ыйса аман калган.
Б.з.ч. 4-жылы Улуу Ироддун өлүмүнөн кийин анын падышачылыгын үч баласы бөлүп алган. Ушул башкаручуулар Ыйсанын кызматына жана Жаңы Келишимдин тарыхына түздөн-түз таасирин тийгизишкен.
Ирод Архелай Иудеяны башкарган. Анын ырайымсыздыгынын айынан Жусуп менен Мариям Бейт-Лехемге барбай, Назретке кайтышк[2]; жүйүт падышасынын ырайымсыз мамилесинин айынан жүйүт делегациясы боштондук сурап Римге кайрылган. Архелей куулган жана Иудеяны Рим дайындаган ишеничтүү адамдар башкарып калган.
Ыйсаны соттоо учурунда Понтий Пилат Рим прокуратору болгон; ал Кейсареяда жашаган жана маанилүү майрамдарда Римге келип турган[3]. Прокуратордун аткарууга мүмкүн эместей сезилген милдети – Рим жана жүйүт лидерлеринин ортосунда ортомчу болуу эле. Пилат жүйүттөрдү көтөрүлүшкө түрпөгүдөй болуп Римдин талаптарын аткарышы керек болчу. Ушул максатына жетүү үчүн, ал Синедрионго өз эли үчүн диний жана маданий чечимдерди чыгарууда көп эркиндик берген. Башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапа Ыйсанын иш-аракети Римдин кыжырына тийсе, ушул эркиндиктен ажырап калабыз деп корккон[4].
Ирод Филлип Иродтун эң берешен уулу болчу. Ал Галилеянын түндүк-чыгыш жагын башкарган. Ыйса Иерусалимде жүйүт диний жетекчилердин камакка алуусунан качып бул жерлерде убакыт өткөргөн. Ал диний башкаруучулардын курмандыгы эмес, Атасы дайындаган убакыт келгенде, күнөө үчүн курмандык болгусу келген.
Ирод Филлип Паниас шаарын калыбына келтирген жана анын атын Филиптин Кейсареясы деп өзгөрткөн. Ал жакта Петир: «Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың» деген өзүнүн улуу сөзүн айткан[5].
Ирод Антипас б.з.ч. 4-жылынан б.з. 39-жылына чейин Галилея жана Перияны башкарган. Антипас Жакан чөмүлдүрүүчүнү түрмөгө каматып өлтүрткөн[6]. Ирод Антипастын Галилеянын үстүнөн бийлиги болгон, Пилат Ыйсанын тагдыры жөнүндөгү жоопкерчиликтен качып, Аны Антипастын сотуна жиберген[7], бирок Ирод Ыйсаны соттоодон баш тартып өкүм чыгаруу үчүн Аны Пилатка жөнөтүп жиберген.
Жаңы Келишимдин маданий абалы сыяктуу эле маанилүү. Кудай Ыйсаны дүйнөгө жибергенде үч ар түрдүү маданиятка таасир тийгизген, ал эми алардын ар бири Жаңы Келишимге олуттуу таасирин тийгизген.
Жаңы Келишимдеги грек фактору
Улуу Александрдын таасири б.з.ч. 323-жылы ал өлгөндөн кийин да уланган. Балким анын Жаңы Келишимдеги эң чоң салымы көпчүлүк үчүн жалпы болуп калган жана Жакшы Кабарды тоосколдуксуз таратуу мүмкүнчүлүгүн берген грек тили болгон.
Жаңы Келишим кеңири тараган койне грек диалектисинде жазылган – бул биринчи кылымда Жер Ортолуктар колдонгон тил болгон. Палестинанын арамей тилин жана еврей тилин (Байыркы Келишим тилин) жүйүттөр гана түшүнө алышкан болсо, Рим империясынын бардыгы грек тилинде сүйлөгөн.
Грек тилинин тактыгы Пабыл катындагы богословиялык терең түшүнүктөрдү жеткирүү үчүн ыңгайлуу болгон. Кооз жана поэзиялык еврей тили Байыркы Келишимде ой жүгүртүүсү бай акындарга жана пайгамбарларга ылайык болгон. Грек тили конкреттүү тил болгондуктан, Пабылга жаңы ишенип калгандарга акталуу жана ыйыкталуу тууралуу терең доктриналарды үйрөтүүгө жардам берген.
Септуагинта – бул Байыркы Келишимдин грекче котормосу, б.з.ч.үчүнчү кылымдан тарта грек тилинде сүйлөгөн жүйүттөргө Ыйык Китепти окууга мүмкүнчүлүк берген. Мындан сырткары Септуагинта Жаңы Келишимди (алгачкы жыйындардагы Ыйык Китепти) бутпарастардын кайрылуусуна жеткиликтүү кылган.
Рим маданиятынын факторлорунун Жаңы Келишимге тийгизген таасири
Жаңы Келишимдеги дээрлик бардык китептер Римдин таасирин көрсөтөт, анткени Ыйса жана элчилер Рим дүйнөсүндө жашашкан.
Жакшы Кабарлар
Ыйсанын жашоосуна Римдин тийгизген таасири Ал төрөлгөндө көрүнгөн. Кудай бутпарас император өткөргөн эл каттоону, Михейдин Машайак Бейт-Лехемде төрөлөт деген пайгамбарчылыгынын аткарылышы үчүн колдонгон[1]. Персиянын башчысы Кир, Кудай Өзүнүн элин кулчулуктан кайтарып алгандагы куралы болгон сыяктуу эле, Рим императору Август Мариям менен Жусупту Назареттен Бейт-Лехемге алып келүү үчүн Кудайдын куралы болгон.
Эл каттоону өткөрүүнүн эки ыкмасы бар. Римдиктер шаардагы ар бир адамды жашаган шаарында каттоону каалашкан, бирок жүйүттөр үй-бүлөлүк каттоолорду ата-бабаларынын үйлөрүндө сакташкан. Жүйүттөргө жагуу үчүн римдиктер каттоону салттуу жол менен өткөрүүгө уруксат берген болушу мүмкүн, аны аткаруу үчүн Жусуп менен Мариям өзүлөрүнүн шаары Назареттен Бейт-Лехемге чейин 160 километр басып өтүшү керек болчу.
Жакшы Кабарлар Ыйса менен Анын жаңы падышачылыгы жөнүндөгү кабардын коркунучун сезген Рим башкаруучуларынын ортосундагы келишпестикти көрсөтөт. Ирод ымыркай балдарды өлтүрткөндөн баштап, Пилаттын айкаш жыгачка («Жүйүт падышасы») жаздырган жазуусуна чейин, Ыйсанын жердеги кызматында баштан аяк Кудайдын падышачылыгы менен Кесарьдын падышачылыгынын ортосундагы келишпестик байкалат. Ыйса Рим жана анын маданияты жөнүңдө аз эле айтса да, Кудайдын падышачылыгы жөнүндөгү кабар бул дүйнөнүн империялары үчүн чоң чакырык болгон.
Элчилер иштери китеби
Элчилер китеби, Кудай Рим падышачылыгын Жакшы Кабар таратуу үчүн кандай колдонгондугун ачып берет. «paxRomana» термини Рим империясынын мажбурлап таңуулаган «тынчтыгын» билдирет. Ал убакта Рим бийлиги туура эмес жолдор менен башкарса дагы (мисалы, Ыйсанын айкаш жыгачка керилүүсү) ошол эле учурда саякатчыларды уурулардан коргогондуктан жана падышачылыктарды бириктиргендиктен, элчилердин саякаты мүмкүн болгон. Рим чыгыштагы Ефрат дарыясынан батыштагы Шотландияга чейин 85 000 километр жол курган жана Жер Ортолук Деңизинде бардык тараптарга деңиз жолдорун белгилеген. Пабылдын миссионерлик саякаттары ушул Рим жасаган жолдор жана деңиз жолдорунун аркасы менен мүмкүн болгон.
Кичинекей шаарларда жана айылдарда өнүккөн жүйүттөрдүн салттык маданиятынан айырмаланып Рим чоң шаарлардын империясы болгон. Бул шаарлар Жакшы Кабар таратуу ишинде абдан маанилүү болгон. Пабылдын саякаттарын Рим империясындагы чоң шаарларды белгилөө аркылуу билсек болот. Пабыл Жакшы Кабарды болушунча көп адамдарга жеткирүү үчүн аны ар бир аймактагы алдыңкы шаарларда тараткан. Элчи Рим империясынын негизги аймактарында Жакшы Кабар тараткан жана ошондой эле Римде – биринчи кылымдагы дүйнөнүн борборунда Жакшы Кабар таратууну максат кылган[2].
Пабыл Римдик жаран катары өзүнүн укугун Жакшы Кабар таратуу үчүн негизги жардам катары болушунча пайдаланган; мыйзамдуу түрдө Филипиде[3] коргоону сурап кайрылганда жана Кесарьдын кабыл алуусун суранганда да колдонгон[4]. Пабыл өзүнүн атуулдугун Машайак үчүн колдонгон.
Пабылдын каттары
Пабылдын каттары Пабыл Рим дүйнөсүн билгенин көрсөтөт. Өзүнүн Филипиликтерге жазган катында ал жарандык тилди колдонуп, окурмандарына «мекенибиз асманда» деп эстеткиси келген[5]. Пабыл Филемонго өтүнүү катын жазган, анткени римдиктер Пабыл аркылуу ишенип калган качкын кул Онесимди өлүм жазасына тартууга жол берген мыйзам кабыл алганын билген. Пабыл Римдиктерге, Галатиялыктарга, Эфестиктерге жазган каттарында актануу жана кечирим сыяктуу түшүнүктөрдү түшүндүрүү үчүн юридикалык тилди колдонгон.
Пабыл жаңы ишенүүчүнү Кудайдын үй-бүлөсүнө кабыл алганда кандай өзгөрүүлөр болорун түшүндүрүү үчүн ушул юридикалык терминдерди колдоногон. Пабыл колдонгон асырап алуу иллюстрциясы жүйүттөргө караганда, римдиктерге таанышыраак болгон[6]. Асырап алуу ошол убакта аябай кеңири тараган. Асырап алуу эски карыздардан кутулууну, укуктарга ээ болууну жана жаңы жашоону камтырын римдиктер түшүнгөн.
Аян китеби
Рим өзүнүн башка диний ишенимдерге сабырдуулугу менен сыймыктанган, бирок бардык элдерден императордун кудайлыгын кабыл алуу талап кылынган. Адам «Кесарь – Теңир» [7] деп жарыяласа эле Рим жүйүт жана машайакчылык окуутуларына уруксаат берген. Жыйын менен Римдин ортосунда келишпестиктин пайда болуусуна көп деле убакыт талап кылынган жок.
Бирок адам баласы жаман иштерди көздөсө да «Кудай аны жакшылыкка айлантты» [8]. Куугунтукттоо Улуу тапшырманы аткарууда Кудайдын негизги каражаты болуп калды: Куугунтуктун айынан машайкчылар «Жүйүт менен Самариянын ар кайсы жерине» чачырап кетишкен. Кудайдын планы боюнча «…чачырап кеткендер болсо эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүштү» [9].
Аян китеби Рим куугунтуктары болуп жаткан учурда жазылган. Жакандын көрүнүштөрү машайакчылардын азап-кайгысын жана ошондой эле Рим (же Кудайга каршы турган күч) жеңилерин тастыктаган. Адамдардын тарыхын Кесарь эмес, Кудай жетектейт.
Жаңы Келишимдеги жүйүт түшүнүктөрү
Машайакты күтүү
«Машайак» – деген еврейче «Мессия» деген сөздүн грекче эквиваленти. Ыйсанын артынан ээрчигендер, Машайакты издешкен. Пабыл «Мен силерге жарыялап жаткан Ыйса – Ошол Машайктын Өзү», – деп айткан [10]. Машайактын келишин күтүү, адамдардын кулактарын Ыйсанын насааттарын угууга даярдаган.
Синагогалар
Б.з.ч. 586-жылы ийбадаткана бузулгандан кийин, синагогалар жүйүт элинин табынуучу жери болуп калган. 10 эркек киши бар аймактарда да синагогалар болгон. Алар табынуу жери, мектеп, диний жана жарандык сот, коомдук иштердин борбору болуп калган. Ыйса өзүнүн жазылып калган биринчи насаатын синагогада айткан, ошондой эле ооруулуларды айыктырган жана окуткан[11].
Кир жүйүттөргө өз жерине кайтып барууга уруксаат берген учурда, алардын көпчүлүгү Иерусалим кулагандан кийин качып кеткен Бабылда, Мисирдин Александриясында жана дагы башка көп шаарларда калып калышкан. Бул Жакшы Кабар тараш үчүн маанилүү болгон. Элчилер Жакшы Кабар тараткан дээрлик ар бир шаардан, синагогада чогулган жергиликтүү жүйүттөрдү табышкан.
Пабыл жаңы шаарга келгенде, синагогада насаат айтуудан баштаган, синагогадан ал жүйүт табынуучуларды жана «Кудайдан корккон» чындыкты издеген арналган бутпарастарды тапкан[12]. Ал бутпарастар Жакшы Кабарга ачык болушкан.
Жүйүт диний топтор
ФарисейлерЫйсанын убагында эң белгилүү диний топ болгон. Алар сан жагынан аз болгонуна карабастан (6000дей), жөнөкөй адамдардын арасында белгилүү болушкан. Бул «бөлүнгөндөр» Мусанын мыйзамдарына кылдаттык менен баш ийгендиктен кадыр-барктуу болушкан. Фарисейлер машайакчылар менен бирдей көп ишенимдерди карманышкан: тирилүү, периштелер, сыйынуу жана Байыркы Келишимди урматтоо, бирок алар Мусанын мыйзамдарына көп оозеки салттарды кошушкан. Акыры фарисейлердин көпчүлүгү Ыйсанын Машайакмын деген билдирүүсүн четке кагышкан.
СаддукейлерЫйсанын убагында саясий күчкө ээ болушкан. Алар Рим менен кызматташып башкы дин кызматын жана Синедрионду көзөмөлдөп калышкан. Саддукейлер үчүн Тоорат гана кадыр-барка ээ болгон[13]; алар пайгамбарчылык китептерди жана ооз эки салттарды, натыйжада периштелерге ишенүүнү, рухтарды жана тирилүүнү четке кагышкан. Алардын бийлиги ийбадаткананын саясаты менен алек болгондуктан, б.з. 70-жылы ийбадаткана кулагандан кийин саддукейлер да жок болуп кетишкен.
[13]Тора «Мыйзам» дегенди билдирет. Бул Мусанын беш мыйзамы үчүн еврейче аталыш.
Жаңы Келишим дүйнөсүнүн салттары
Жаңы Келишим дүйнөсүнүн салттарын канчалык жакшы билсек, Жаңы Келишимдин кабарын ошончолук жакшы түшүнөбүз. Акыркы жылдары окумуштуулар байыркы Иудеянын үрп-адаттарын жана салттарын изилдешкен; жаңы келишимдик салттарды изилдөөнүн баалуулугун бир нече мисал көрсөтөт .
Көбүнчө жүйүт үй-бүлөлөрү бир бөлмөлүү үйлөрдө жашашкан. Малын көбүнчө үйдүн сыртындагы бөлмөгө акыр коюп багышкан. Мариям менен Жусуп Бейт-Лехемге келгенде, негизги конок бөлмөсү (мейманкана) эл каттоо убагында бош эмес болгонуна карабай, аларга ушундай сырткы бөлмөдө калууга уруксаат берген болушу мүмкүн. Үй ээси мерез адам эмес болгондуктан ошол убакта мүмкүн болгон меймандостугун көргөзгөн.
Жүйүт койчулары бир нече кой короого аралашууга жол беришкен. Койлорду бөлүү убактысы келгенде, ар бир койчу өзүнүн койлорун чакырган жана алар койчунун жанына чогулушкан. Койлор өз ээсинин үнүн таанышкан. Ыйса Өзүнүн койлору жөнүндө мындай деген: «Анын артынан ээрчишет, анткени алар Анын үнүн таанышат. Чоочун кишини ээрчишпейт андан качышат,анткени анын үнүн таанышпайт» [1].
Акыркы кечедеги Ыйсанын Жүйүткө берген жообун көбүнчө туура эмес түшүнүшөт. Петр Ыйсадан Ага ким чыккынчылык кыларын сураганда, Ыйса: «Бир үзүм нанды табактагы ашка малгандан кийин кимге берсем, ал – ошол» деп жооп берген[2]. Жакан кийин Ыйса нанды Жүйүт Искариотко бергенин айтат. Көпчүлүк адамдар Ыйса Жүйүттүн чыккынчы экенин көргөзгөн деп ойлошот, бирок Жакан шакирттер Жүйүттүн чыккынчы экенин билбегенин жазат. Жаңы Келишимдин убагында баары ортодогу бир идиштен жешкен. Ыйсанын кабары жөнөкөй болгон: «Бүгүн бул жерде тамактанып жаткандардын бири чыккынчы болот». Ошол сыноо маалында Ыйса Жүйүткө сүйүү менен мамиле кылган. Жаңы Келишим дүйнөсү жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, интернеттен «Ыйык Китептеги адеп-ахлак жана салттар» деген маалыматты окусаңар болот[3].
[3] Fred H. Wight. Manners and Customs of the Bible, 1953. Интернеттен төмөнкү дарек боюнча тапса болот: http://www.baptistbiblebelievers.com/OTStudies/MannersandCustomsInBibleLands1953/tabid/232/Default.aspx.
Бирок өз убагы келгенде...
«Бирок өз убагы келгенде, Кудай Өз [жалгыз] Уулун жиберди. Ал аялдан төрөлдү, мыйзамга баш ийди.» - Галатам 4:4
Пабылдын сөздөрү боюнда бар аял төрөт убагын күтүп жаткандай абалды билдирет. Кудай Өзүнүн Уулун дүйнөгө туура убакта жиберген. Ал Кудай тарабынан даярдалып турган. Дүйнө даяр эле...
Географиялык жагынан, Палестина байыркы маданияттардын кесилишиндеги кичинекей жер болгон. Бул Жакшы Кабардын дүйнөнүн ар бир бурчуна тарашына баштапкы негиз болууга шарт түзгөн.
Тарыхыйжагынан. Рим падышалыгы Жакшы Кабар тараш үчүн куралды камсыз кылган.
Маданий жагынан. Грек тилинин өзгөчө синтези, Рим саясат системасы жана жүйүттөрдүн салттары машайакчы жыйындын жаралуусуна Кудай белгилеген шартты камсыз кылган.
Кудай бул дүйнөнү Жакшы Кабарга даярдоо үчүн күч жумшаган. Бул сабактын аягында “Кудай Сен мага берген кызматты аткарышым үчүн менин дүйнөмдү даярдоо максатында кандай иштерди кылып жатасың?” – деп сыйынгыла.
Сабактын тапшырмасы
Бул сабактын негизинде тест жазгыла. Ал Ыйык Китептен жаттоого берилген аяттарды камтыйт.
1-сабак Тесттин
1. Батыштан Чыгышты көздөй бет алганда Палестинанын үч географиялык аймагын атагыла.
2. Ыйсанын кызматы үчүн Самария эмнеси менен маанилүү болгон?
3. Улуу Ирод менен жүйүттөрдүн ортосундагы мамилени сүрөттөп бергиле.
4. Ироддун кайсы баласы Ыйсаны сотко тартууга катышкан?
5. Грек тили алгачкы жыйындын өнүгүүсүнө кандай үч жол менен өбөлгө түзгөн?
6. pax Romana сөзүнө аныктама бергиле.
7. Жүйүт коомчулугунда синагогалар болгону чоң мааниге ээ экенин көрсөткөн төрт белгини санап бергиле.
8. Фарисейлер менен машайакчылардын ортосундагы кайсы окутуулар окшош болгон?
9. Ыйса фарисейлердин эмнесин ашкерелеген?
10. Фарисейлер менен саддукейлердин ортосундагы негизги айырмачылыктар кайсы?
SGC exists to equip rising Christian leaders around the world by providing free, high-quality theological resources. We gladly grant permission for you to print and distribute our courses under these simple guidelines:
No Changes – Course content must not be altered in any way.
No Profit Sales – Printed copies may not be sold for profit.
Free Use for Ministry – Churches, schools, and other training ministries may freely print and distribute copies—even if they charge tuition.
No Unauthorized Translations – Please contact us before translating any course into another language.
All materials remain the copyrighted property of Shepherds Global Classroom. We simply ask that you honor the integrity of the content and mission.