Ыйык Китептеги бир да башка китеп жыйындарга Пабылдын Римдиктерге жазган катындай чоң таасир берген эмес; үч улуу ойгонуу жараяны (процесси) ушул китептен башталган.
Рим империясынын кулоосун коштогон караңгы доордо, Августин машаякчылык жыйындардагы ойгонуунун башында турган. Ал күнөөнүн торунан кутулуусунда Римдиктерге китебине чоң маани берген; бул кат Августинди күнөөдөн боштондукка чыгарган Кудайдын күчү жөнүндө үйрөткөн.[2]
Ошол убакта, Римдик католицизм жыйынды ырым жырымдар жана жалган окутуулар менен кишендеп турганда, Мартин Лютер Римдиктерге 1:17ден, «Адил адам ишеними менен тирүү болот», – деп жазылгандай, Жакшы Кабарда Кудайдын адилеттиги ишеним аркылуу ачылып, ишенимге жеткирет» экенин билген. «Бул Пабылдын үзүндүсү мен үчүн асманга дарбаза болуп калган» дейт ал [1]. Римдиктерге китеби Мартин Лютерди ишеним менен актаган Кудайдын күчүнө үйрөткөн.
18-кылымда Англияда өзүлөрүн машайакчыларбыз деп атаган адамдардын аз гана тобу куткарылганыңа толук жеке ишенимге ээ болуу мүмкүн деп эсептешкен. Джон Уэсли мындай толук ишенимге Римдиктерге катын изилдөө аркылуу ээ болгон, ал аркылуу бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизген ойгонуу башталган. Римдиктерге каты Джон Уэслиге Кудайдын куткаруу берген күчүн түшүнүүгө жол ачкан.
[1] Roland H. Bainton, Here I Stand: A Life of Martin Luther. (Nashville, Abingdon Press, 1950), 49-50 келтирилген.
[2]«[Римдиктерге] – бул жакшы кабардын өзү. Аны жөн гана сөзмө-сөз жаттап алууга караганда, жан дүйнөбүздү күнүмдүк нан катары азыктандырууга татыктуу. Бул кабарды көпкө окуп, анын үстүнөн көпкө ой жүгүртүү мүмкүн эмес. Адам анын үстүнөн канчалык көп ойлонсо, ал адам үчүн бул кат ошончолук кымбат болуп калат.»
- Мартин Лютер, «Римдиктерге кириш сөз»
Римдиктерге китебинин тарыхый кырдаалы
Жазылган убактысы
Римдиктерге жазылган кат Пабылдын үчүнчү миссионердик саякатынын убагында б.з. 57- жылдары жазылган. Балким Пабыл Корунтта болгон. Ал Римге бара элек болсо да каттын аягында элчи Римдеги жыйындын көп мүчөлөрүн тааныганын көрсө болот. Ал Римге барууга үмүттөнгөн, бирок алгач Кичи Асиядан чогулган курмандыктарды берүү үчүн Иерусалимге бара жаткан. Иерусалимде аны камакка алып, Римге кылмышкер катары жөнөтүшкөн.
Жазылган максаты
Бул каттын жазылышына үч негизи себеп түрткү болгон: Рим жыйыны үчүн тынчсыздануу, Пабылдын алдыдагы кызматы тууралуу кооптонуулары, ошондой эле башкы максат – Кудайдын алдында кантип актана аларыбызды үйрөтүү.
1. Шашылыш максаты жүйүттөр да, бутпарастар да бар Рим жыйынына кайрылуу болгон. Римдеги жыйынды Иерусалимден Элүүнчү күндөн кийин кайтып келген жүйүттөр негиздеген болушу мүмкүн. Б.з.49-жылы император Клавдий жүйүттөрдү Римден кууп салган[1]; алар бир нече жылдан кийин Римге кайтып келгенде, жыйын Мусанын мыйзамдарын карманган жүйүт машайакчылар менен мыйзамдын чектөөлөрүнөн эркин бутпарас машайакчылардан турган. Пабыл жүйүттөрдөн жана бутпарастардан турган жыйынды толкунданткан суроолор жөнүндө жазган.
Куткарылуу мыйзамды аткаруу аркылуу келеби?
Кудайдын эли катары Ысрайылды эмне кутүп турат?
Машайакчылар ар кандай ынанымдарга, мисалы тамакка тиешелүү талаптарга кандай мамиле кылышы керек?
2. Римдиктерге китебинин аягы Пабылга кат жазууга жеке эмне түрткү болгонун көрсөтөт. Ал Рим дүйнөсүнүн стратегиялык борборлоруна жетүүгө абдан ынтызар болгон; Испания алардын бири эле. Римдиктерге жазылган кат Пабыл Римди Испанияда жакшы кабар таратуу үчүн иш алып бара турган база катары колдонууга ниеттенгенин көрсөтөт[2].
3. Пабылдын башкы максаты куткарылууга ээ болуунун жолун үйрөтүү болгон. Жүйүт машайакчылары куткарылууга мыйзамды аткаруу аркылуу эмес, ырайым менен гана ишеним аркылуу ээ болууга мүмкүн экенин түшүнүшкөн. Бутпарас машайакчыларга бул Кудай жүйүт элин алар аркылуу иштөө үчүн тандап алганы жөнүндө жана алар өздөрүн жүйүт бир туугандардан жогору койбош керектиги жөнүндө эскертүү болгон. Бардык ишенгендер жүйүттөр да, бутпарастар да Кудайдын ырайымы аркылуу гана акталат.
[1] Элчилердин иштери 18:2. Тарыхчы Светоний бул токтом жүйүттөрдүн арасында «Christos» деген сөздүн негизинде келип чыккан козголоңдун айынан болгонун жазат. «Christos» деген «Машайак» деген сөздүн латынча жазылышы; талаш-тартыштар жүйүттөр менен машайакчылардын ортосунда чыккан болушу мүмкүн.
Киришүү: Куткарылуу үчүн жакшы кабардын күчү (Римдиктер 1:1-17)
Кээде окурмандар китептин негизги бөлүгүн тезирээк окуп баштоо үчүн кириш сөздү өткөрүп жиберишет, бирок Ыйык Китепте киришүү да маанилүү. Бул Кудай тарабынан шыктандырылган сөз «үйрөтүү үчүн, ашкерлөө үчүн, оңдоо үчүн, адилетүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» [1]. Пабыл кириш сөздө көбүнчө өзүнүн максаты тууралуу негизги маалыматты берет. Римдиктерге жазылган киришүүдө биз төмөнкүлөрдү жолуктурабыз.[19]
Жакшы кабар жөнүндө Байыркы Келишимде пайгамбарчылык кылышкан.
Жакшы кабар Ыйсанын Машайак экенин жарыялайт. Ал:
1. Дөөттүн Уулу болгон
2. Кудайдын Уулу болгон
3. Өлгөндөрдун арасынан тирилген.
Жакшы Кабар - бул ишенгендердин бардыгы үчүн куткарылуу күчү, жүйүттөр үчүн жана бутпарастарлар
Жакшы Кабар ишенгендердин бардыгына Кудайдын адилдигин ачып берет.
Сот аркылуу көрсөтүлгөн Кудайдын адилдиги (Римлянам 1:17-3:20)
► Кудайдын соту кантип жакшы кабардын «жагымдуу кабары» болуп калат?
Пабыл «жаман кабардан» баштайт: Кудайдын алдында адамзат толугу менен айыпталган.
Пабыл 1:17-32де «Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнесине алмаштырышкан» бутпарастардын күнөөлөрү жөнүндө жазат[2]. Бул бөлүмдө ал жүйүт окурмандарынын көз карашы боюнча «бутпарастардын» күнөөлөрү катары каралган буркандарга табынуу, бачабаздык, киши өлтүрүү жана ырайымсыздык ж.б. жөнүндө айтат. Пабыл бул күнөөлөр өлүмгө татыктуу экенин эскертет.
2:1-16да Пабыл адеп-ахлакты үйрөтүүчү жөнүндө сөзгө өтөт. Бул «жакшы адам» бутпарасты соттойт (биринчи бөлүмдө), бирок өзү да ошондой эле күнөө кылат.
Пабыл 2:17-3:8де өзүнүн жүйүт угуучуларына кайрылат. Бир нече риторикалык суроолор менен ал «мыйзамдын алдында күнөө кылган» жүйүттү соттогон Кудайдын адилдигин коргойт.
Пабыл 3:9-20да ал «бир да адил адам жок»: адамзаты толугу менен айыпталган деген жыйынтык чыгарат[3].
Айыпталуу жөнүндөгү жаман кабардан кийин Пабыл биз Кудай тарабынан иштерибиз менен эмес, «Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилдик» аркылуу акталабыз деген жакшы кабардын жагымдуу кабарына өтөт [4]. Пабыл Кудайдын адилдиги куткарылууда жана ишенген адамдын өзгөрүлүүсүндө кантип айкын болгонун көрсөтөт.
Ишеним аркылуу гана акталуу (Римдиктер 3:21-5:21)
Ыбрайым ишеним аркылуу гана акталгандай эле, биз дагы иштерибиз менен эмес, ишеним менен акталабыз. Биз Ыйсанын өлүмү аркылуу тартууланган кун төлөп куткаруучу курмандык аркылуу Кудай менен чындыкта боло алабыз. Ал аркылуу биз даңкка ээ болуу үмүтүнө кубанабыз жана өмүргө ээ болобуз. Пабыл жүйүттөрдүн да, бутпарастардын да, Кудай тарабынан Ыйса Машайак аркылуу берилген ырайымдан башка мактанууга себеби жок экенин көрсөтөт. Кудайдын адилдиги Анын адамзатка берген баа жеткис ырайымында ачылган.
Акталуу жана күнөө (Римдиктерге 6:1-23)
Пабылдын ырайымдын күчү жөнүндөгү кубанычтуу күбөлөндүүрүсүн укканда окурман: «Ырайым көбөйүшү үчүн биз күнөөдө бололубу?» – деген суроо бериши мүмкүн. Кимдир бирөө Пабылдын ырайым тууралуу окутуусу жөнүндө талашып-тартышып, бул билип туруп күнөөдо жашоого алып барат деши мүмкүн. Пабыл ишенимдүү түрдө: «Андай болбойт! Биз күнөө үчүн өлгөнбүз: кантип дагы деле күнөөдө жашай беребиз?» дейт. Ыйсанын атынан чөмүлдүрүлгөнүбүздө, биз күнөө үчүн өлөбүз; ырайымда болуу менен биз эми анын бийлиги астында жашабайбыз. Биздин денелерибиз мыйзамсыздыктын куралы болбой калат: биз адилдиктин кызматчылары болуп калышыбыз үчүн куткарылуу күчү аркылуу алар Кудайга берилген. «…өлгөндөрдүн арасынан тирилгендер катары өзүңөрдү жана дене мүчөлөрүңөрдү Кудайга адилеттиктин куралы катары бергиле». Кудайдын адилдиги Анын күнөөдөн куткаруучу күчү аркылуу ачылып берилген.
Күнөө жана мыйзам (Римдиктерге 7:1-25)
►Римдиктер 7 бөлүмдү окугула. Бул бөлүмдө ким сүрөттөлгөн?
Акталууну Кудайдын ырайымы менен Андан бекер алып, эми биз «байыркы тамганын негизинде эмес, жаңыланган рух менен» кызмат кылабыз[5]. Жүйүт окурманы Пабылга: «Сен эмне жөнүндө айтып жатасың? Мыйзам – күнөөбү?» деген суроо бере алмак. Пабыл: «Таптакыр андай эмес», – деп жооп берет. Күнөөнү аныктоо менен ал бизде болгон күнөөнүн реалдуулугун жана ага болгон каалообузду ойготот. Кудай бизге жакшылыкка берген мыйзам жамандыктын куралы болуп калды.
Пабыл бул принципти Римдиктерге катында эң көп талаш жараткан бөлүмдөгү үзүндүдө көрсөтөт. Римдиктерге 7:7-25ти чечмелөөнүн үч негизги жолу бар:
Машайакчынын кадимки жашоосунун сүрөтү. Көпчүлүк реформаторлор Пабыл Кудайдын мыйзамын аткарууну каалаган, бирок аны аткарууга жөндөмдүү эмес ишенүүчү адамдын жашоосун сүрөттөйт деп талашып келишкен. Бирок Римдиктер 4-6да: «Бизде Кудайдын тынчтыгы бар… Ал бизди күнөөдөн куткарган...» деген акталган жашоонун кубанычтуу сүрөтүн – Римдиктерге 7деги: «Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат?» деген жүк менен шайкеш келтирүү кыйын.
Ыйыкталбаган ишенүүчүнүн сүрөтү. Уэслинин кээ бир жолдоочулары, Пабыл акталган, бирок толук ыйыкталбаган ишенүүчүнү сүрөттөгөнүн божомолдошкон. Бул ойду дагы деле Кудай менен тынчтыкта жашаган жеңиштүү ишенүүчүнүн сүрөтү менен салыштыруу кыйын.
Ойгонгон күнөөкөрдүн сүрөтү. Алгачкы жыйындын аталары бул бөлүмдү Пабыл мыйзамды өзүнүн күчү менен аткарууга аракет кылып жүргөндө ишенимге кайрылуунун алдындагы абалын сүрөттөгөн деп карашкан. Бул өзүнүн муктаждыгын түшүнгөн, бирок дагы эле ишеним аркылуу ырайым менен актала элек күнөөкөрдүн сүрөтү. Бул адам адилдикти издейт, бирок Римдиктер 8:1деги: «Ошентип, азыр Машайак Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт» деген кубанычты татып көрө элек.
Ыйыкталуу: Рухтагы жашоо (Римдиктерге 8:1-17)
Римдиктер 7-бөлүмдөгү күрөшкө болгон жооп – бул Рухтун күчү, «Анткени Машайак Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан бошотту»[6]. Өз күчүбүз менен мыйзамды аткаруу аракетинен көңүл калуунын ордуна, Рух бизге башка куралдарды берет: «Анткени күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча жашасаңар, анда өлөсүңөр. Ал эми күнөөкөр табияттын иштерин Рухтун жардамы менен өлтүрсөңөр, анда тирүү болосуңар» [7]. 8-бөлүмдөгү жеңиштүү ыргак, Римдиктер 7-бөлүмдөгү күрөшкө бир топ карама-каршы келет. Эмне үчүн? «Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат». Римдиктерге 7-бөлүмдөгү күрөш эмес, дал ушул жеңиштүү жашоо машайакчынын жашоосунун үлгүсү.
Биз өзүбүздүн күчүбүз менен жеңиштүү өмүр сүргөн жокпуз, күнөөнүн кулчулугунан бошоткон[8] жана куткарылганыбызга кепилдик берген[9] Ыйык Рухтун күчү менен жашайбыз; Ыйык Рух бизди куткарылган жашообузда багыттайт[10]. Ишенген адам толугу менен Ыйык Рухтун күчү менен жашайт.
Ишенимдүү үмүткө ээ болуу (Римдиктер 8:18-39)
Пабылдын куткарылуу жөнүндөгү окутуусунун туу чокусу – бардык ишенүүчүлөрдү күтүп турган даңкка салтанат куру. Пабыл: «Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар эч нерсе эмес деп ойлойм» – деп жазат. Ал өзүнүн окурмандарын шыктандырып, Кудай бардыгын биз үчүн жакшылыкка айландырарын айтып «Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз» – дейт. Ошондой эле ал биздин үмүтүбүз куткарылууну мүмкүн кылган Кудайдан келерин «Эгерде Кудай биз тарапта болсо, ким бизге каршы чыга алат?»
Кудай бизди актайт жана сактайт. Пабыл биз Анын балдары болуп калганыбыздын кепилдигине кубанат. «Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да,
бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин».
Пабылдын окуутусуна кызыккан адам: «Анда Ысрайыл кандай болот? Кудай Өзүнүн тандап алган элине берген убадасын аткарбай койдубу? Деген суроо бериши мүмкүн. Римдиктер 9-11де Пабыл Ыбрайымдын тукуму этникалык тамыры менен эмес, ишеним менен аныкталганын түшүндүрөт[11]. Кудай Ысрайылды унуткан жок, бирок ал башка элдерди баталаш үчүн Өз жумушун ал аркылуу кылган. Бул убада Ыбрайымга берилген[12] жана Ысрайыл пайгамбарлары тарабынан жарыяланган[13], эми болсо бутпарастардын арасына ишке ашып жатат[14]. Кудай бутпарастарды баталаганы Ысрайылды четке какканын билдирбейт; Ысрайылга карата Анын максаты аткарылат.
Римдиктерге 9-11де Ысрайылдын ишенбестиги жөнүндөгү көйгөй үч чындык менен айтылат[15].
Кудайдын убадалары дайыма ишенүүчүлөргө берилген. Ысрайылга мурун берилген убадалар бутпарастарга жана Ысрайылдын ишенимдүү калдыгына берилген (9:6-29).
Ысрайыл ишенбестиги үчүн четке кагылган. Азыркы убакта бутпарастар ишенимден келген адилдикке ээ болушту, ал эми Ысрайыл адилдике ээ болгон эмес, анкени алар адилдикти мыйзамдын иштери менен издешкен (9:30-10:21).
Ысрайылдын четке кагылуусу убактылуу, биротоло эмес. Кудай Өз убадаларын унуткан жок. Келечекте Кудайга ишеним менен кайрылганда бүт Ысрайыл куткарылат (11:1-36).
Пабыл бул бөлүмдү даңктоо сөздөрү менен Кудайды чексиз акылмандуулугу, билими, ой жүгүртүүсү жана жолдору үчүн даңктап бүтүрөт[16]. Биз Анын жолдорун акырына чейин толук түшүнө албашыбыз мүмкүн, бирок биз Анын ырайымына жана адилдигине ишеним арткандыктан Аны даңктайбыз. Биз «Анткени бардыгы Андан, Ал аркылуу жана Ал үчүн» экенин билебиз [17]. Анын жолдору мактоого татыктуу.
Пабылдын богословиеси дайыма иш жүзүндө колдонуулуучу богословие. Пабылдын бир нече каты эки чоң бөлүмгө бөлүнөт. Биринчи бөлүмдө Пабыл биз эмнеге ишенерибизди үйрөтөт, экинчисинде болсо – кандай жашашыбыз керектигин үйрөтөт. Бул үлгүнү Римдиктерден да көрө алабыз.
доктрина. Пабыл адам Кудайдын алдында кантип акталарын үйрөтөт (Римдиктер 1-11).
колдонуу. Пабыл адил адам Кудай үчүн кантип жашай аларын үйрөтөт (Римдиктер 12-16).
Римдиктерге 12-15, Римдиктерге 1-11деги принциптер күнүмдүк тажрыйбада кантип колдонулганын көрсөтөт. Римдиктерге 12-бөлүмдө Пабыл өзүнүн окурмандарынан өздөрүн Кудайга тирүү курмандык катары берүүсүн суранат. Кудайдын адилдиги жашоонун бардык тараптарын өзгөрткөн акталуудан жана ыйыктоодон көрүнөт. Денесинин каалоосун аткарбастан, Рухта жүргөн адам аркылуу Кудайдын адилдиги күн сайын көрүнүп турат. Пабыл ушул жаңы жашоонун бир нече тажырыйбалык тарабын аныктайт:
Биз өзүбүздүн руханий жөндөмдүүлүктөрүбүздү башкаларга кызмат кылуу үчүн колдонобуз (Рим. 12:3-8).
Биз башкаларга алар чыныгы машайакчылыкты көрө алгыдай мамиле кылабыз (Рим. 12:9-21).
Биз башкаруучуларга баш ийебиз (Рим. 13:1-7).
Биз мыйзамды сүйүү аркылуу аткарабыз (Рим. 13:8-14).
Биз жакыныңды соттобо деген эркиндик принципин тажырыйбада колдонобуз (Рим. 14:1-12).
Биз алсыз жакыныбыздын мүдүрүлүүсүнө себеп боло турган иш-аракетти кылбай, сүйүү принцибин тажырыйбада колдонобуз (Римдиктер. 14:13-14:23).
«Ыйык Рухтун күчү менен үмүткө ээ болууда» Ыйсанын үлгүсүн туурайбыз (Римдиктер. 15:1-13).
Корутунду (Рим. 15:14-16:27)
Акырында Пабыл Испанияга бара жатып Римге да барып кетери жөнүндөгү өзүнүн планы менен бөлүшөт. Ал Рим империясынын борбору, анын Испания үчүн кампаниясынын базасы болуп каларына үмүттөнүп, кызматташтарына саламын айтат; бул Пабылдын каттарында кадимки көрүнүш болгон. Ал каттарын эми «айкын болуп калган» [18] «жашыруун сырды ачканы үчүн» Кудайды даңктаган мактоо сөздөр менен бүтүрөт. Ачыкка чыгарылган жашыруун сыр – жакшы кабар, бардыгына арналгандыгы жөнүндөгү кубанычтуу кабар. Кудайдын адилдиги «ишенимден ишенимге» ачылган: ишенип калгандардын бардыгы куткарылат.
[19]Сот жөнүндө насаат
«Жакшы Кабар тараткан кызматчынын биринчи милдетти - Кудайдын Мыйзамын жарыялоо, анкени ал мектеп мугалиминин ролун ойнойт жана адамды Ыйса Машайактагы түбөлүк өмүргө алып келет.»
- Мартин Лютер
«Сүйүү, ырайым жана мээрим жөнүндө жакшы кабар айтуудан мурун мен күнөө, мыйзам жана сот жөнүндө жакшы кабар айтышым керек.»
- Джон Уэсли
«Алар адилеттүү жана ыйык Мыйзамдын алдында калтырап турбаса, ырайымды эч качан кабыл алышбайт.»
- Чарльз Сперджен
«Эгер алгач айыпталыш үчүн Мусага барбасак, акталыш үчүн Машайакка келе албайбыз.»
- Джон Стотт
Римдиктерге жазылган кат бүгүн жыйындарда
Римдиктерге китеби бүгүнкү күндө жыйындарды так доктринанын маанилүүлүгүнө үйрөтөт. Пабыл бул катты катардагы машайакчыларга жазганын эсиңерден чыгарбагыла. Ал убакта машайакчыларга Ыйык Китептин чындыгынын күчтүү тамагын сиңире албаган алсыз ымыркайга жасагандай мамиле кылышкан. Римдиктерге каты ишенүүчүлөргө терең доктриналарды үйрөтсө болорун көрсөтөт.
Римдиктерге китеби бүгүнкү күндө жыйындарда доктриналарды күнүмдүк жашоодо колдонуунун маанилүүгүн үйрөтөт. Пабыл доктринага акыл-эс таймашын уюштуруу үчүн гана кызыкпаганын көрсөтөт: анын максаты ишенген адамдын жашоосун өзгөртүү.
Римдиктер 1-11деги улуу чындыктан кийин Пабыл: «Ошондуктан… силерден өтүнөмүн..» [1] деп улантат. «Ошентип» деген ал буга чейин айткан менен айта турганын байланыштырат. Биз муну башкача сөздөр менен айтсак болот. «Ушул чындыктар үчүн (акталуу, ыйыкталуу жана тандоо) мен силерди өзүнөрдү ушул баталарды бере алган Кудайга тирүү курмандык катары берүүгө чакырам… Мына бул өзгөрүлүү күнүмдүк жашоодо ушундай көрүнөт». Андан кийин Пабыл Римдиктер 12-15де бул өзгөрүүнү тажырыйбада колдонуу жөнүндө айтат. Туура доктринаны кармануу жетиштүү эмес, биз күн сайын ошол доктринаны аткарып жашашыбыз керек.
1738-жылы 24-май шаршемби күнү Джон Уэсли Лондондогу Алдерсгейт көчөсүндөгү моравдык бир туугандардын чогулушуна барган. Уэсли көп жылдар бою куткарылууга кепилдикти изденип жүргөн. Өзүнүн замандаштары сыяктуу эле, ал акталуу адамдын адил өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө негизделгенине ишенген. Мартин Лютердин Римдиктерге катына жазган кириш сөзүн окуп жаткан Уильям Холланды угуу Уэсли өзгөрүлүүгө ээ болгон. Кийин ал мындай деп жазган:
«Кечинде мен Алдерсгейт көчөсүндөгү чогулушка баргым келбей жатып бардым, ал жактан Лютердин Римдиктерге катына жазган кириш сөзүн окуп жатышкан. Болжол менен тогузга он беш мүнөт калганда, Ыйсага болгон ишеним аркылуу Кудай жүрөгүбүздө кылган өзгөрүүлөрдү сүрөттөп жатканда, мен жүрөгүмдө кандайдыр бир жылуулукту сездим. Мен ишенеримди сездим, куткарылуу үчүн Машайак жетиштүү экенин, жана Ал менин (жада калса менин!!!) күнөөлөрүмдү алып кеткенине жана мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамдарынан куткарганына толук ишендим»[1].
Ошол түнү Джон Уэсли Римдиктер 1:17деги «Адил адам ишеними менен тирүү болот» деген чындыкты түшүнгөн. Бул улуу чындык Англия аркылуу бүт дүйнө жүзүнө тараган ойгонуу толкунуна түрткү болгон.
Төмөнкү берилген тапшырмаларды аткарып, сабактан эмнени түшүнгөнүңөрдү көрсөткүлө.
1. Кийинки тапшырмалардын ичинен бирөөнү тандагыла.
Ишеним аркылуу гана акталуу деген тема боюнча насаат же библиялык сабак даярдагыла. Ал колго жазылган же басып чыгарылган 5-6 барактан турса болот, же библиялык сабактын же насааттын аудио жаздыруусу болушу мүмкүн.
Бир баракка Римдиктерге 1-11дин доктриналдык окутуусун жана Римдиктерге 12-16нын тажырыйбалык колдонуусун чагылдырган Римдиктерге катынын планын жазгыла. Ал Ыйык Китепти изилдөө боюнча түшүндүрмөлөрдөн же китептерден алынган план эмес, силердин өзүңөрдүн планыңар болушу керек.
2. Сабактын материалынын негизинде тест жазгыла. Тестте Ыйык Жазуудан жаттоо үчүн берилген аяттар бар.
5-сабак Тесттин
1. Римдиктерге катынын жазылышынын үч максатты атап бергиле.
2. Римдиктерге катынын киришүүсүндө жазылган Жакшы Кабар жөнүндөгү 4 чындыкты санап бергиле.
3. Римдиктерге 1-3тө айыпталган адамдардын үч түрүн санап бергиле.
4. Пабыл Римдиктерге 6-бөлүмдө ырайым көбөйүш үчүн биз күнөөдө жашашыбыз керекпи деген суроого кандай жооп берет?
5. Римдиктерге 7:7-25тин кайсы үч чечмелөөсү бар?
6. Пабыл Ысрайлдын ишенбестиги жөнүндөгү үч көйгөйгө үч чындык менен жооп берет. Аларды санап бергиле.
7. Римдиктерге 12-15 боюнча Кудайдын адилдигин тажырыйбада кантип колдонсо болорун көрсөткөн ыкмаларды санап бер.
SGC exists to equip rising Christian leaders around the world by providing free, high-quality theological resources. We gladly grant permission for you to print and distribute our courses under these simple guidelines:
No Changes – Course content must not be altered in any way.
No Profit Sales – Printed copies may not be sold for profit.
Free Use for Ministry – Churches, schools, and other training ministries may freely print and distribute copies—even if they charge tuition.
No Unauthorized Translations – Please contact us before translating any course into another language.
All materials remain the copyrighted property of Shepherds Global Classroom. We simply ask that you honor the integrity of the content and mission.