Эврейлерге катын жана Жакыптын катын окуп чыккыла.
Эврейлерге 4:14-16 жана Жакып 2:17-18ди жаттагыла.
Киришүү
Жаңы Келишимде Эврейлерге жазылган каттан баштап Жакыптын катына чейинки китептерди жалпыга жазылган каттар деп аташат[1]. Алар Пабылдын башка каттарынан белгилүү бир угуучулардын тобуна даректелбей, биз аз эле билген бирөөлөргө даректелгени менен айырмаланат.
Алар Эврейлерге жазылган көлөмдүү каттан баштап, Жакан Гайга жазган кыска катка чейин бири-биринен айырмаланып турат. Аларда ар түрдүү көйгөйлөр жөнүндө айтылат, бирок алардын баарын ар бир катта байкалган бир жалпы жип бириктирип турат – бул иш жүзүндө ыйык жашоо. Бул китептер бизди машайакчылык эмес дүйнөдө кантип машайакчылык өмүр сүрүү керектигин үйрөтөт. Биринчи кылымдагы ишенгендер да биз бүгүн туш болгон кыйынчылыктарга туш болушкан; жалган окутуулар, азгыруулар, ишенбегендер тарабынан карама-каршылыктар. Бул китепте ушул сыяктуу ар бир көйгөй талкууланат. Алардын көлөмү кичине болсо да, ишенимде көйгөйлөргө туш болгон машайакчылар үчүн алар маанилүү болгон.
[1] Бул каттарды кээде «католикалык» деп аташат. Бул контекстте «католикалык» деген «жалпы» дегенди билдирет; бул Римдеги католик жыйынына тийиштүү эмес. Бул жерде Элчилердин ишеним символунда колдонулган сөздөр колдонулган. «Католикалык (ааламдык) ыйык жыйынга жана ыйыктардын баарлашуусуна ишенебиз».
Эврейлерге жазылган кат: Мыкты жол
Автору
Эврейлерге жазылган кат өзүнүн авторун аныктабайт. Анын автору Пабыл деп божомолдонот.
Пабылдын авторлугун колдогон жүйөөлөр:
Эврейлерге китеби Машайактын инсандыгын жана эмгегин сүрөттөгөнү, Пабылдын каттарында ошол эле учурларды сүрөттөгөнү менен окшош.
Пабылдын авторлугуна каршы жүйөөлөр Эврейлерге каты менен башка каттардын жазылуу стилинин бир нече айырмачылыгын камтыйт.
Эврейлерге каты эч качан «Машайак Ыйса» деген сөздөрдү колдонбойт – бул сөздөр Пабылдын каттарында элүүдөн ашык колдонулат.
Эврейлерге 2:3тө автор Жакшы Кабар жөнүндө элчилерден уккандыгын айткан. Галатиялыктарга 1:12де Пабыл Жакшы Кабарды Ыйса Машайактын аяны түз укканын айтып берет.
Пабылдын башка каттарынан айырмаланып, Эврейлерге жазылган кат саламдашуу менен башталып, коштошуу менен бүтпөйт. Жана жеке адамдар менен бул катта саламдашпайт.
Жыйындын тарыхында бул каттын авторлугу көп башка адамдарга тиешелүү деп айтылып келген, алардын көбү Пабылдын кызматташтары болгон, мисалы, Барнаба, Лука же Аполос. Бул Пабылдын стилине окшош болгонуна себеп болушу мүмкүн. Жыйынтыгында, Эврейлерге жазылган каттын автору белгисиз.
Максаты
Эврейлерге китебинде каттын элементтери менен (аягындагы жеке учурашуулар) насааттын мүнөздөмөлөрү бириккен (Байыркы Келишимдин тексттерин карап чыгуу). Автор өзүнүн каты жөнүндө «бир нерсеге үндөө сөзү» катары айтат[3]; 13:15те бул фраза насаатты сүрөттөө үчүн колдонулган. Эврейлерге китебинин эң жакшы сүрөттөмөсү – «насааттоочу кайрылуу» кат түрүндөгү насаат.
Бул катты биринчи алгандар Машайакка ишенүүдөн четтеп кетүү азгырыгына жана эски жашоолоруна кайтып баргылары келген каалоого туш болгон жүйүт машайакчылары болушкан. Алардын жүйүт катары мурунку жашоосу Байыркы Келишимдеги курмандык чалуулар жана ырым-жырымдар менен байланышкан болчу.
Бул машайакчылар куугунтукта туруштук берип, ишенимдүү болуп калышты, бирок алар эми «алдан тайып, кайратынан жазуу» [4] коркунучуна туш болушту. Эврейлерге китебинин автору аларга ишенимден четтөө жөнүндө эскертип жана аларды ишенимдүү бойдон калууга шыктандырып жазат. Ал Ыйсанын инсандыгы менен иштери, Байыркы Келишимдеги ыйык кызмат кылуучулук жана курмандыкка чалуу системасынан бир топ жогору экенин дайыма айтат.
Убактысы
Эврейлерге жазылган кат б.з. 70-жылына чейин жазылышы ыктымал. Анда жүйүттөрдүн курмандык чалуу системасы ошол күндөрдө колдонулуп жүргөнү айтылат[5], демек ал римдиктер ийбадаткананы б.з. 70-жылы талкалаганга чейин жазылган кат деп болжолдосок болот.
Эврейлерге катындагы Байыркы Келишим
►Байыркы жана Жаңы Келишимдин ортосунда байланыш барбы?
Эврейлерге китебинин мазмунуна терең киришүүдөн мурун, катка байланыштуу кеңири тараган түшүнбөстүктөргө көңүл буруу маанилүү. Көпчүлүк окурмандар Эврейлерге китебин Байыркы Келишимге кол салуу катары чечмелешкен. Эврейлерге китеби Жаңы Келишим – «эң жакшы» келишим деп окуткандыктан, кээ бирөөлөр Байыркы Келишим эч кандай мааниге ээ эмес деп эсептешет.
Бирок, Эврейлерге китеби Байыркы Келишимге сый-урматын көрсөтөт.
Эврейлерге 11-бөлүмдөгү ишенимдин «баатырлары» – бул Байыркы Келишимдин каармандары.
Эврейлерге китеби үйрөткөн сабактар Байыркы Келишимдин тексттерине негизделген[6]. Мисалы, Эврейлерге 1-бөлүм он төрт аяттан турат. Алардан тогузу -Байыркы Келишимден түзмө-түз келтирилген үзүндүлөр; Заб. 2; 2 Шем; 7;14 Мыйз.32:43; Заб.103:4; Заб. 44:6,7; Чыг.61:1,3; Заб.101:25-27 жана Заб.110:1.
Эврейлерге китеби Байыркы Келишим өзүнүн тапшырмасын аткара албай калгандыктан, Кудайга пландарын өзгөртүүгө туура келгенин үйрөтпөйт. Машайакка ишенүү аркылуу куткарылуу «дүйнө жарала электе эле алдына ала белгиленген» [7]. Байыркы Келишимде да куткарылуу ырым-жырымдарды аткарууга эмес, ишенимга карап берилген. Бул Эврейлер 11де айтылган ар бир каарман Кудайга «ишеним» менен жакканынан көрсө болот.
Байыркы Келишимдин уландысы Жаңы Келишимде даана көрүнөт. Машайак – Байыркы Келишимдеги мыйзамдардын жана убадалардын аткарылышы. Байыркы Келишимдин көйгөйү Кудайдын максатынын ишке ашпай калганы эмес, Ысрайыл тапшырмасын аткарбай койгону. Ысрайыл жүрөк осуятын аткарбай койгон[8]: ал ишенимге негизделген курмандык чалуу системасын жөн гана куру ырым-жырымга айланткан. Байыркы Келишимдин пайгамбарлары да, Ыйса да, Ысрайыл Кудайдын максатын бурмалаганын айыптаган.
Дүйнө жаралгандан баштап Байыркы Келишим Машайактын келе турганын көрсөткөн; ал аяктап калмак эмес: ал келечекте Ыйсанын инсандыгы жана миссиясы аркылуу аткарылганды алдын алаа көргөзгөн. Жаңы Келишим акырына чыкпаган Байыркы Келишимдин убадасын аткаргандыктан «эң жакшы» болуп эсептелет.
Мазмуну
Эврейлерге китеби эки жанаша теманы карайт. Биринчи тема (мыкты жол) Машайактагы жашоонун артыкчылыктарын, Байыркы Келишимде жеткиликтүү болгон андан азыраак артыкчылыктар менен салыштырат.
Экинчи тема (сергек болгула) жыйынды таштап, мурдагы жашоосуна кайтып баруу азгырыгына кабылгандарга «эскертүүлөрдүн» беш топтомунан көрүнөт. Эврейлерге китеби ар бир бөлүктө окурмандарына эскертүү берет, андан кийин кайра шыктандырат.
Мыкты жол
Эврейлерге китеби салыштыруулар менен төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
Машайак Байыркы Келишимдин пайгамбарларынан жогору (1:1-3).
Машайак периштелерден жогору, анткени Ал Кудайдын Уулу (1:4-14).
Машайак периштелерден жогору, Ал дүйнө Ал үчүн жаратылган Адам Уулу (2:4-18).
Машайак Кудайдын ишенимдүү кулу жана Ысрайылдын жетекчиси Мусадан жогору (3:1-6).
Машайак Арундан жана ыйык кызмат кылуучудан жогору (4:14-7:28).
Машайак эң жогорку келишимди камсыз кылды (8:1-13).
Машайак эң жогорку курмандыкты камсыз кылды (9:1-18).
Эврейлерге китеби бизге Байыркы Келишимдеги жакшы убадалар менен Машайак аркылуу бизге тиешелүү болгон мыкты аткарылуунун ортосундагы карама-каршылыктардын топтомун көрсөтөт. Жүйүт машайакчылары үчүн Байыркы Келишимге кайтып баруу акылсыздыктын туу чокусу болмок! Еврей машайакчылар асман белегинин даамын татып көрүп, Ыйык Рухка үлүштөш болгондон кийин эски жашоосуна кайтып барышса «Кудайдын Уулун кайрадан айкаш жыгачка керишет» [9].
Сергек болгула
► Ишенимден четтөө деген эмне? Чыныгы ишенип калган адам, ишенимден четтеп кетиши мүмкүнбү?
Машайак камсыз кылган жакшы жашоо жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөр менен бирге, Эврейлерге китеби ишенимин таштоо азгырыгына туш болгондорго эскертүү берет. Улуу артыкчылыктар улуу жоопкерчиликтерди таңуулайт. Бул жоопкерчиликтердин негизинде, Эврейлерге китеби Жаңы Келишимдин ырайымын татып көргөн, бирок эски жашоосуна кайтып баруу азгырыгына кабылган ишенгендерге беш олуттуу эскертүү жөнүндө айтат.
Ар бир эскертүү ишенимдүү болууга шыктандыруу менен коштолот. Эврейлерге китеби ишенимден четтөө мүмкүн экенин айтуу менен, эч бир жерде сөзсүз ишенимден четтөө болорун айтпайт! Ар бир ишенген адам үчүн Кудайдын планы – ишенимдүү жашоо. Эврейлерге китеби жеңиштүү жашоо ар бир машайакчыга жеткиликтүү экенин көрсөтөт.
Биз уккан кабардан четтеп кетпөө тууралуу эскертет (2:1).
Биз ээ болгон улуу артыкчылыктарга ээ болгондуктан, олуттуу эскертүү берилет (2:2-3).
Бизди азгырыкка кабылган жана ошол себептен бардык азгырылгандарга жардам бере алган Ыйсанын үлгүсү шыктандырат (2:18).
Экинчи эскертүү Эврейлерге 3:12 – 4:16
Бизге «күнөөгө азгырылып жүрөгүңөр катууланбасын» деп эскертет. (3:12-13).
Бул оолуттуу эскертүү, анткени «тирүү Кудайдан баш тартып кетүү» мүмкүн. «Баштапкы ишенимибизди аягына чейин сактаганыбызда» гана Машайак менен бир үлүшкө ээ болобуз (3:12-14).
Ыйса биздин «жардам керек болгон убакта Андан ырайым таба» алган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз деген убада бизди шыктандырат (4:14-16).
Үчүнчү эскертүү – Эврелерге 5:11 – 6:12
«өлүк иштерге» кайтып баруу коркунучу жөнүндө эскертүү (5:11-6:6).
Бул олуттуу эскертүү, анткени ишенимден четтеп кетүүдөн кийин кайра кайтып келүү мүмкүн эмес (6:4-6).
Ишенимдүүлөрдүн бардыгы «убадаланганды мурасташарын» билгенибиз биз үчүн шыктандыруу болот (6:9-12).
Төртүнчү эскертүү 10:26-39
Бизге «эгерде биз чындыкты билип туруп, атайлап күнөө кылсак» анда бизди сот гана күтүп турганы тууралуу эскертүү берилет (10:26-27).
Жаңы Келишимдин артыкчылыктарына ээ болгонубуз үчүн бул олуттуу эскертүү. Мусанын мыйзамдарына баш ийбегендерди ушунчалык катуу соттогон болсо «Кудайдын Уулун жана өзүн ыйыктаган, келишимди бекиткен канды тебелеп-тепсеп, аны ыйык нерсе катары тутпаган, ырайым Рухкун кордогон адам канчалык оор жазага тартылат». Бул эскертүүнү тоотпой койбогула, анткени «Тирүү Кудайдын колуна түшүү кандай коркунучтуу!» (10:28-31).
Шыктандыруу «биз жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенимде турганыбызга» тиешелүү. Мурунку жашоого кайтып барса болот же аягына чейин чыдаса болот. Бизди Кудайдын күчү кармап калат деген ишенимибиз бар. Ишенимдүүлүктүн мисалдарын биз Эврейлерге 11 жана 10:32-39дагы «ишенимдин баатырларынын галереясынан» көрө алабыз.
Бешинчи эскертүү – Эврейлерге 12:25-29
Биз ээ болгон кабардан баш тартпашыбыз керек экенин эскертет (12:25).
Жаңы Келишимдеги артыкчылыктарга ээ болгонубуз үчүн бул олуттуу эскертүү (12:25-27).
Биз үчүн шыктандыруу болгону, биз «Кудайга жаккандай кызмат кыла» алганыбызда. (12:28-29).
[10]Бул план Walter Elwell and Robert Yarbrough, Encountering the New Testament, китебинен алынган Baker Academic, 2005
Атайын тема: Ишенимден четтөө
Ишенимден четтөө деген эмне?
Ишенимден четтөө – «өз ыктыярдуулугу менен ишенимден баш тартуу жана өзү ээ болгон ишенимди таштоо» [1]. Бул аныктама ишенимден четтөөнүн үч элементине басым кылат:
Өз ыктыярдуулук. Доктринага, куткарылууга шектенүү, жада калса күнөөгө батуу да ишенимден четтөө болуп эсептелбейт. Ишенимден четтөө – машайакчылык ишенимден өз ыктыярдуулугу менен баш тартуу;
«атайлап ишенимден баш тартуу». Бул жөн эле күнөө эмес. Бул машайакчылык ишенимдин чындыгынан баш тартуу. Эврейлер үчүн бул Ыйсанын кун төлөп куткаруучу курмандыгынан баш тартып, машайакчылыктан мурунку ырым-жырымдарга кайтып барууну билдирген[2]. Жүйүтчүлдөр Ыйсанын кун төлөп куткаруучу курмандыгына талаптарды кошкон; ишенимден четтегендер болсо аны такыр эле четке кагып салышкан.
ишенимден баш тартуу: ишенимден четтөө, Машайакты эч качан таанып көрбөгөн адамдын ишенбестигинен айырмаланып турат, бул «Кудайдын жакшы Сөзүнүн жана келечектеги замандын кудуретинин даамын таткан» адамдын ишенимден баш тартуусу[3].
Ишенимден четтөө менен Кудайдан алыстап кетүүнүн ортосунда кандай айырма бар?
Эврейлерге катында баш тартуу –билип туруп туруктуу түрдө ишенимден баш тартууну билдирет. Петир Ыйсаны четке каккан, бирок кийин өзүнүн күнөөсү үчүн тобо кылган. Петирдин эрдиги аны уятка калтырды, бирок ал машайакчылык ишенимден баш тарткан эмес. Ал Кудайдан алыстап кеткени Машайакты четке кагуу менен эмес, коркунучтун натыйжасы болгон.
Кудайдан алыстап, күнөөгө баткан адам дагы деле машайакчылык ишенимдин чындыгын кабыл алса болот, бирок ишенимден четтеген адам андан такыр эле баш тартат.
Эврейлердеги кээ бир эскертүүлөр жоопкерчиликсиз болууга жана адамдардын Кудайдан алыстоосуна тийешелүү, бирок Эврейлерге 6:4-6дагы негизги ой – машайакчылык ишенимден толугу менен баш тартуу. Ишенимден четтеген Ыйсанын кун төлөп куткаруучу курмандыгын четке какканда, кайрылып келүүгө жолун жок кылат. Тобо кылган, бирок Кудайдан алыстаган адам, Ыйсанын кун төлөп куткаручуу курмандыгы менен кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.
Чыныгы машайакчы адам ишенимден четтеп кете алабы?
Кээ бир евангелдик машайакчылар мындай болушу мүмкүн эмес деп талашып-тартышат, бирок Эврейлердеги эскертүү автор чыныгы коркунуч жөнүндө айтканда гана мааниге ээ. Эврейлерге 6:4-6 түбөлүктүү жана толугу менен баш тартуу мүмкүн экенин көрсөтөт.
[1] L.G. Whitlock, “Apostasy” in Evangelical Dictionary of Theology (ed. By Walter Elwell). Baker Books, 1984.
Эврейлерге китеби ишенимден четтөөнүн чыныгы коркунучу жөнүндө эскертет. Жалпыга жазылган каттардагы ошого окшош темалар – жыйынга каршы коркунучтар. Көп учурда жыйындын окутуусун бурмалаган жалган окутуулар жөнүндө эскертүүлөр кездешет. Эврейлерге катында биз машайакчылык ишенимден толугу менен баш тартуу тууралуу эскертүүнү көрө алабыз. Бул коркунуч биринчи кылымдагыдай эле азыр да реалдуу.[3]
Ооба, Эврейлер китеби ишенимди таштоо мүмкүн экенин айтат, бирок андан да маанилүүсү Эврейлерге китеби бизди ишенимдүү болууга үйрөтөт. Бизде Машайактын арачылыгы деген артыкчылык бар. Өзүбүз жарыялаган үмүттү бекем кармануу, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө, бири-бирибизди ишенимдүү чогуу табынуулар аркылуу шыктандыруу аркылуу биз ишенимдүү боло алабыз[1]. Эврейлерге китебинин кульминациясы ишенимдүү бойдон калгандардын, эми күбөлөрдүн курчоосу болуп, «жарыштын аягына чыдамдуулук менен» чыккандар болуп калды [2].
[3]«Биз ичке жолдо бараткан жолоочуларбыз Бизден алдыда бараткандар, жол даярдап кетишти. Алсырап калгандарды ишенимдүүлүккө шыктандырып, Алардын жашоосу Кудайдын бекемдөөчү күбөлүгүн көрсөтөт.
Күбөлөрдүн улуу саны менен курчалып, Акырына чейин чуркайбыз. Бирок бизден мурун чуркагандардай эле, Өзүбүздөн кийин Кудайга жаккан жашоонун ишенимдүү мурасын калтыралы.
Биздин артыбыздан баргандар биздин ишенимдүүлүгүбүздү көрсүн, Биздин арналуубуздун оту алардын жолун жарык кылсын, Биздин издерибиз, аларга бурулуп кетүүгө жол бербесин Биздин жашоолорубуз аларды шыктандырсын.»
- Jon Mohr ыры
Жакып: Иш кылган ишеним
Автору жана убактысы
Бул каттын автору «Кудайдын жана Теңир Ыйса Машайактын кулу Жакып» болгон[1]. Жакып апасы тараптан Ыйсанын иниси, Машайактын убагында сынчы болгон, бирок Ал тирилип келгенден кийин өзгөргөн[2]. Ал б.з. 62-жылы азап чегип өлгөн.
Бул кат 40-жж. башында же ортосунда жазылган болушу мүмкүн. Жакып ишеним менен иштер жөнүндө талкуу өткөн Иерусалим кеңешинде жетекчи болгон, эгер анын каты б.з 49-жж. кийин жазылса, ал бул окуя жөнүндө катында айтып кетмек болушу керек[3].
Окурмандары жана каттын максаты
Жакып «чачыранды болгон он эки урууга» жазган[4]. Бул – diaspora – деген термин башында б.з.ч. 586-жылы Иерусалим кулагандан кийин чачыранды болгон жүйүттөргө карата колдонула баштаган. Жакып аны Иерусалимден башка жакта жашаган жүйүт машайакчылар үчүн колдонгон.Жакыптын Байыркы Келишимге көп кайрылганы анын аудиторясы негизинен жүйүттөр экенин көрсөтөт. Кыязы бул ишенгендер аябай жакыр болушкан жана куугунтуктоолордон азап тартышкан, ошондой эле келишпестиктерге жана дүйнөлүк жашоо образынын азгырыгына кабылышкан. Жакып ишеним иштер аркылуу көрүнүшү керектигин эскертет: машайакчылар аны иш жүзүндө көрсөтүшү керек.
Мазмуну
Жакып жана Байыркы Келишим
Пайгамбар Амос сыяктуу эле, Жакып биз жарыялаган ишеним биздин күнүмдүк жашообузга таасирин тийгизиши керек. Амос да, Жакып да чыныгы дин башкаларга болгон мамиледен көрүнүшү керектигин талап кылышкан. Жакып 108 аяттын ичинде 50дөн ашык буйрук берет. Бул иш жүзүндө колдоно турган кат.
►Жакып 5:1-5 жана Амос 4:1-2 и 5:21-24 окуп чыккыла. Бул үзүндүлөрдүн кандай окшоштугу бар?
Накыл Сөздөрдөгүдөй эле Жакып маңыздуу чындыктарды жыйынтыктаган чакан саптарды колдонот. Жакыптагы көбүнчө темалар Накыл Сөздөрдөгү темалар менен бирдей: тил, байлык, ачуулануу жана акылмандуулук.
Байыркы Келишимдин мыйзамындай эле, Жакып ыйык адам ыйык Кудайдын мүнөзүн кантип чагылдыраарын көрсөтөт. «Ыйыктыктын коду» Лебилер 19-бөлүмдө ыйык эл кантип Кудайга баш ийип жашаарын түшүндүрөт, ошондой эле Жакып да, Жаңы Келишимдеги ишенгендер Бардыгынан Жогоркуга кантип баш ийип жашашы керек экенин көрсөтөт. Экөө тең биз жарыялаган ишеним, биздин жашообузда иш жүзүндө көрүнүшү керектигин үйрөтөт.
Ыйыктыктын коду жана Жакып
Лебилер 19
Жакып
19:13 «Жалданган адамдын кызмат акысы таң атканга чейин берилбей калбасын».
5:4 «Эгиниңерди жыйнаган жумушчуларга төлөнбөгөн эмгек акы өзүңөргө каршы айгак болуп, боздо жатат…»
19:15 «Сотто жалган сүйлөбө. Жакынынды кемсинтпе. Улуу адамга жагынба.
2:9 «Эгерде бет карамалык кылып жатсаңар, анда күнөө кылып жатасыңар».
19:18 «Жамандык ойлобо, кек сактаба».
5:9 «Бир туугандар, соттолбош үчүн, бири-бириңердин үстүңөрдөн арызданбагыла».
19:18 «Өзүндү кандай сүйсөң жакыныңды ошондой сүй».
2:8 «Өзүңдү кандай сүйсөң жакыныңды ошондой сүй»
Ишеним жана иштер
Мартин Лютер Жакыптын катын «саман кат» деп атаган, анткени ал иштердин маанилүүгүнө басым кылат. Ал бул кат Пабылдын ишеним менен гана куткарылабыз деген окутуусуна каршы келет деп ишенген. Жакып 2:24 менен («адам ишеним менен гана эмес, иштер менен да акталат») жана Римдиктерге 3:28дин («адам мыйзамдын иштеринен көз карандысыз ишеним менен акталат») ортосунда карама-каршылык болгондой сезилет, бирок бул билдирүүлөр ар түрлүү азгырыктарга туш болгон эки башка адамдардын тобуна даректелген. Бул контекстте аяттардын ортосундагы карама-каршылык чечилген.
Пабыл куткарылууга эмгек сиңирип (мыйзамга баш ийүү менен) ээ болууну каалагандарга жазат жана куткарылуу ишеним аркылуу Кудайдын ырайымы менен гана мүмкүн экенин түшүндүрөт.
Жакып ишенимди акыл менен гана чындык катары кабыл алгандарга жазат. Алардын жашоолору өзгөргөн жок, анткени алардын ишеними чындык эмес. Жакып чыныгы ишеним жашоону өзгөртөрүн жарыялайт. Элчи ишенимдин маанисине шек келтирбейт, бирок чыныгы ишеним иштер аркылуу көрүнөөрүн айтат, Ыбрайым менен Рахаптын ишенимдери алардын иштеринен көрүнүп турган[5].
Жакыптын каты Пабылдын ырайым аркылуу ишеним менен куткарылуу алганыбыз жөнүндөгү кабарга каршы чыкпайт, ал аны толуктайт. Пабыл биз Кудай алдында ишеним менен гана актала аларыбызды (адил боло аларыбызды), Жакып болсо – адилдик биздин иштерибизден көрүнөөрүн көрсөтөт.
Иштердеги ишеним
Ишеним иштер аркылуу көрүнгөндөй эле, Жакып машайакчылык жашоонун иш жүзүндө аткаруучу тараптары жөнүндө айтат. Иштеги ишеним – бул:
Сыноолор жана азгыруулар келгенде туруктуу болуу (1:2-18);
Жакып бул көрсөтмөлөр менен чыныгы ишеним жашоо образын өзгөртөрүн көрсөтөт. Ишеним - бул жөн гана чындык менен макулдашуудан чоң нерсе: ал биздин турган турпатыбызды толук өзгөртөт.
Жакыптын катты бүгүн жыйындарда
Жакыптын каты биринчи кылымдагы куугунтукталган жүйүт машайакчыларына даректелген болсо да, анын иш жүзүндө аткарылчу машайакчылыкка басым кылганы, заманбап дүйнөгө терең таасирин тийгизет. Тил, байлык, ачуулануу жана жыйындагы мамилелер жөнүндөгү окутуунун мөөнөтү өтүп кетпейт; Жакыптын китеби бардык муундар үчүн пайдалуу.
Антиномианизмжалганокутуунун катарына кирет, ал машайакчылар этикалык жана моралдык мыйзамга тил алуудан бошотулган дейт. Бул окутуу ырайым менен ишеним аркылуу акталган ишенгендер, бардык чектөөлөрдөн эркин деп божомолдойт. Жыйындын ар бир мууну ушул антиномианизм азгырылуусуна кабылат. Жакып бизге машайакчынын жашоосу, ишенбеген адамдын жашоосунан кыйла айырмаланып турарын катуу эскертет. Биздин иштерибиз аркылуу дүйнө бизде Машайакка болгон куткаруучу ишенимдин натыйжасында пайда болгон өзгөрүлүүнү көрө алат.
[6]Иштеги ишеним «Көйгөйлөрдүн эң негизгиси – иш жүзүндө машайакчылыкты көргөзүү».
- Джон Уэсли
Корутунду
Эврейлер китеби да, Жакыптын каты да, Ыбрайымды иштердеги ишенимдин үлгүсү катары көрсөтүшөт. Эврейлерге 11-бөлүм Ыбрайымды ишенимдин баатыры катары карайт; Жакып 2-бөлүмдө биз Ыбрайымдын иштеринен анын ишенимин көрө алабыз.
Ыбрайымдын ишенимин анын Кудайдын чакырыгын укканынан көрө алабыз. «Ишеним аркылуу Ыбрайым мураска ала турган өлкөгө кетүү жөнүндөгү чакырыкка баш ийип, кайда барарын билбесе да жолго чыккан» [1]. Ишеним бул жөн гана: «Мен Кудайдын убадаларына ишенем», – деп айтып коюдан жогору. Ишеним: «Сен мени кайсыл жакка ээрчитип барсаң, мен ошол жакка барам» дейт.
Ыбрайымдын ишеними анын Ысхакты курмандыкка алып келүү жөнүндө сөз болгондо Кудайга баш ийгенинен көрүнөт[2]. Бул дагы жөн эле: «Мен Кудайга ишенем» , – деп айтып коюуга караганда бир топ жогору Ишеним: «Мен түшүнбөсөм да, Сенин буйругуңа баш ийем» , – дейт. Бул чыныгы ишеним.
Жакып биз ишенебиз деп жарыялаган, бирок ал ишеним алардын жашоолорун өзгөртпөгөн адамдарга кайрылган. Ал чыныгы ишенимдин натыйжасында эмне болорун көрсөтүү үчүн Ыбрайымды мисал катары келтирет. Ыбрайымдын ишеними ал Ыскакты курмандык чалуучу жайга жаткыргандагы баш ийүүсүнөн көрүнгөн. Жакып катын: «Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон. Ишеним иштер аркылуу жеткилеңдикке жетти» деген сөздөр менен аяктайт[3].
Ыбрайымдын мисалы ишеним менен иштердин туура айкалышын көрсөтөт. Эгер биз чынында ишенсек, бул ишеним биздин кандай жашап жатканыбызды (иштерибизди) өзгөртөт. Өзгөрүлбөгөн жашоо менен ишеним жөнүндө жарыялоо – өлүк, ал эми ишенимсиз жашоону өзгөртүү аракети пайдасыз. Римдиктерге, Галатиялыктарга, Эврейлерге жана Жакыптын каты – бардыгы, чыныгы ишеним жашоону өзгөртөт дегенге макул болушат.
Сабакты түшүнгөнүңөрдү төмөнкү тапшырмаларды аткаруу аркылуу көрсөткүлө.
1. Төмөнкү темалардын бирөөсү боюнча насаат же библиялык сабак даярдагыла. Бул колго жазылган же басып чыгарылган 5-6 барак текст, же болбосо, жыйын же кичине топ үчүн насаат сөздүн, же библиялык сабактын аудио жаздырусуу болушу мүмкүн.
«Ишенимдин үлгүлөрү» Эврейлерге 11деги жана жыйындын тарыхындагы ишенимдин үлгүлөрүн колдонгула. Силердин жамаатыңарга ишенимдүү болууга түрткү берген өзүңөрдүн өлкөдөгү тарыхый же айланадагы маданий үлгүлөрдү издегиле.
«Ишенимден четтөө». Эврейлерге жазылган каттагыдай эле насаатта ишенимден четтөө жөнүндө эскертүү жана ишенимдүү болууга шыктандыруу болуш керек.
Иш жүзүндөгү машайакчылык жашоо жөнүндө Жакыптан бир темага: тил, талаш-тартыш, байлык, сыйынуу ж.б. жөнүндө насаат же библиялык сабак даярдагыла.
2. Бул сабактын материалынын негизинде тест жазгыла. Тестте Ыйык Китептен жаттоо үчүн берилген аяттар бар.
10-сабак Тесттин
1. Эмне үчүн Эврейлерге катынан баштап Жүйүткө чейинки китептер Жалпыга кат деп аталат?
2. Пабылдын авторлугун колдогон эки аргументти атагыла.
3. Пабылдын авторлугун четке каккан эки аргументти атагыла.
4. Эврейлерге китеби Байыркы Келишимге урмат көрсөткөн эки ыкманын атагыла.
5. Эмне үчүн Жаңы Келишим Байыркы Келишимден жакшыраак?
6. Ишенимден четтөө менен Кудайдан алыстоонун кандай айырмасы бар?
7. Ыйсанын иниси Жакып, Ыйса Машайак экенине качан ишенип калган?
8. Саламдашууга караганда, Жакыптын катынын божомолдуу окурмандары ким болгон?
9. Бир абзацта Жакып 2:24 менен (адам ишеним менен гана эмес, иштери менен да акталат) Римдиктерге 3:28дин (адам мыйзамдын иштери жок эле, ишеним менен гана акталат) ортосундагы байланышты көргөзгүлө.
10. Антиномиализмге аныктама бергиле.
11. Эврейлерге 4:14-16 жана Жакып 2:17-18ди эстеп жазгыла.
SGC exists to equip rising Christian leaders around the world by providing free, high-quality theological resources. We gladly grant permission for you to print and distribute our courses under these simple guidelines:
No Changes – Course content must not be altered in any way.
No Profit Sales – Printed copies may not be sold for profit.
Free Use for Ministry – Churches, schools, and other training ministries may freely print and distribute copies—even if they charge tuition.
No Unauthorized Translations – Please contact us before translating any course into another language.
All materials remain the copyrighted property of Shepherds Global Classroom. We simply ask that you honor the integrity of the content and mission.