1, 2 Корунттуктарга жана Галатиялыктарга каттарын окуп чыккыла.
1 Корунттуктарга 1:20-21 жана Галатиялыктарга 5:22-23тү жаттагыла.
Киришүү
Заманбап окурмандар кээде алгачкы жыйын олуттуу маселелерге туш болгон эмес деп божомолдошот. Биз: «Бардыгы биримдикте жана ойгонуу абалында болгон алгачкы жыйындын заманында жашасак кандай сонун болмок», – деп ойлойбуз. Пабылдын Корунттуктарга жана Галатиялыктарга жазган каты таптакыр башка сүрөттү көрсөтөт. Биринчи кылымдагы жыйындар жалган окутуулар, жыйын мүчөлөрүнүн арасындагы күнөө, маанилүү библиялык окутууларды түшүнбөө, жыйындагы бийлик менен тартип боюнча суроолор менен күрөшүшкөн. Башкача айтканда, бул китептер бүгүнкү дүйнөгө аябай окшош дүйнөнү көрсөтүшөт. Ушул себептен көйгөйлүү жыйындарга жиберилген каттар, жыйырма биринчи кылымдагы көйгөйлүү жыйындарды үйрөтө алат.
1 Корунттуктарга
Автору жана жазылган убактысы
Корунт – Эгей жана Иония деңизинин ортосундагы мойнокто жайгашкан порт шаары болгон. Порт жүктөрүн мойнок тарабынан жүктөшүп, кургактыктын ичке сызыгы менен алып өтүшкөн жана аркы беттен кемелерге жүктөшкөн. Корунттун стратегиялык жайгашуусу жакшы кабар таратууга чон мүмкүнчүлүктөрдү берген. Кемечилер алардын кемелерине жүк жүктөп бергенче, ушул шаарда күтүп турушкан; бул бардык империядагы адамдарга жакшы кабар айтууга мүмкүнчүлүк берген.[1]
Б.з. 50-жылдары Пабыл экинчи миссионердик саякатында Корунт жыйынын негиздеген[2]. Пабыл Римдик эки машайакчы Акила жана Прискила менен он сегиз ай Корунтта жакшы кабар айтып жүрүшкөн. Ал синагогадагы насааттарынан баштаган; ал жактан аны кууп жиберишкенде, ал жакын жердеги жеке менчик үйгө көчүп барган. Көпчүлүк корунттуктар, анын ичинде синагоганын башчысы жакшы кабарга жүрөктөрүн ачышкан.
Пабыл 1 Корунттуктарга катын беш жыл өткөндөн кийин жазган. Кат анын үчүнчү миссионердик саякатынын убагында Эфесте жазылган[3]. Анда Пабыл Корунт жыйынында пайда болгон көйгөйлөргө тиешелүү көрсөтмөлөрүн жазган[4]. Ал дароо Корунтка бара алган эмес, ошондуктан бул катты жазып, катты алып барып, ошол жакта болгон учурда жыйынды бага турган Тиметейден берип жиберген.
Каттын стили
1 Корунттукарга каттын бир жагынан чечмелөө жеңил, башка жагынан болсо – кыйын. Жеңил болгон себеби – ал «күтүлбөгөн жерден жазылган кат» – белгилүү бир абалга (же кырдаалга) жооп болгон. Ушул мааниде ал жөнөкөй жана татаал богословиялык жыйнак эмес; Пабыл белгилүү бир көйгөйлөр жөнүндө жазат.
Бирок бул кат татаал болушу да мүмкүн, анткени биз Пабылдын жыйын менен кат жазышканынын бир тарабын гана көрө алабыз. Бул катта Пабылдын көйгөйгө болгон реакцияларын жыйынтыктап чечмелеген кыйын болушу мүмкүн.
Пабыл Корунтта жаралган суроолорго кандай жооп бергенин эки мисалдан көрсө болот. 1 Корунттуктарга 7:1 мындай деп башталат «Ал эми силердин мага жазып жибергениңер жөнүндө айтарым бул», – андан кийин Пабыл, балким, каттан алынган «эркектин аялга жакындабай эле койгону жакшы» деген фразаны жазат. Андан кийин элчи эркектер менен аялдар жыныстык мамиледен качканы жакшы деп улантат: «Бирок ойноштук болбош үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун», – дейт.
1 Корунттуктарга 8:1ди ал мындай деп баштайт: «Буркандарга багышталган тамак-аш жөнүндө баарыбыз эле билебиз…», андан кийинки фраза, балким, алардын катынан алынган: «Анткени баарыбызда эле билим бар». Пабыл «билим адамды текебер кылат, ал эми сүйүү адамдын акылына акыл кошот», – деп жооп берет [5]. Биз Корунттуктарга жазылган катты окуганыбызда, кат алышкандардын бир тарабын гана көрө алабыз; кээ бир учурларда каттагы Пабылдын кеңештери менен корунттук ишенгендерге тиешелүү цитаталарды айырмалап кароого туура келет.
Максаты
Пабылдын Корунттуктарга жазган биринчи каттын жазууга жыйындын көйгөйлөрү жөнүндө үч жетекчинин кабары түрткү болгон[6]. Степан, Портунат жана Ахайик жыйындагы бөлүүнүлөр, көз көрүнөө күнөө кылууга көңүл коштук, Пабылдын элчилик абройуна күмөн саноо жөнүндө айтып беришкен. Пабыл 1 Корунттуктарга каттын бул көйгөйлөргө жооп катары жана ошондой эле корунттук ишенгендердин суроолоруна жооп берүү үчүн жазган.
1 Корунттуктарга катынын мазмуну
Пабыл киришүүдө өзүнүн абройун бекемдейт: «… Ыйса Машайактын элчиси», – андан кийин корунттук ишенгендерге алар «Машайак Ыйса аркылуу ыйыкталган жана ыйыкталууга чакырылган…» адамдар экенин эстетет[7]. Андан кийин ал корунттуктар Кудайдын чакыруусуна ылайык Анын эли сыяктуу жашабай жатканына тиешелүү бир нече көйгөйгө көңүл бөлөт.
Бөлүнүү (1 Кор. 1-4)
Пабыл Корунтта жыйын негиздеген. Таланттуу чечен Аполос ал жакта шакирттер Акила жана Прискиланын насааттарынан кийин жакшы кабар айткан[8]. Балким Петир Корунтка барып кеткен[9]. Корунттагы жыйын бөлүнүп кеткен жана ар бир топ өзүнүн насаатчысын жетекчибиз деп жарыялаган. Алардын кээ бири кайчы пикирлерден тышкарыбыз деп: «Мен Машайактыкмын» дешкен. Бирок жада калса бул топ дагы момундук менен эмес, текебердик менен жетектелген[10].
1 Корунттуктарга катындагы мындан аркы талкууланган суроолор, бул бөлүүнү ансыз да жума сайын өткөн алсыз табынууларга жана Кечки тамакка таасирин тийгизгенин көрсөтөт. Мындан сырткары, балким бул бөлүнүү жыйындагы жыйын мүчөлөрүнүн көз көрүнөө күнөө кетиргенине көңүл коштук кылуу үчүн түрткү болуп калган.
Пабыл катты өзүнүн кызматын коргоо менен баштайт. Аполоско тиешелүү экенин жарыялаган кээ бирөөлөр Пабылдын элчилик абройун четке кагышкан жана анын көрүнүксүз сырткы келбетин жана сүйлөгөн сөздөрүн шылдыңдап күлүшкөн. Пабыл жыйындагы көйгөйлөргө кайрылуу үчүн негиз куруп алуу максатында өзүнүн элчилик абройун коргогон. Пабыл руханий ата катары өзүнүн «сүйүктүү балдарын»[11] алардын кетип бара жаткан ошол жолунда таштап коё алмак эмес, ошол себептен ал кызматын күчтүү коргоо менен баштайт: «Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабыл…»[12].
Кээ бир жыйын мүчөлөрү Пабылдын жөнөкөй сүйлөгөнүн Аполостун көрүнүктүү чечендиги менен салыштырышкан. Пабыл мындай деп түшүндүрөт: «мен силерге барганымда Кудайдын күбөлөндүрүүсүн чечендик же адамдык акылмандык менен жарыялаганы барган эмесмин» [13] жана «… мен сөз сүйлөгөндө жана насаат айтканда, адамдык акылмандык менен айтылган ишендирерлик сөздөргө эмес, Кудайдын Рухуна жана күчүнө таяндым». Пабыл Аполоско каршы чыкпайт[14], бирок анын Корунттагы кызматы анын кабары аркылуу эмгектенген Ыйык Рухтун күчүнө негизделгенин көрсөтөт. Корунттуктар адамдык акылмандыкты даңкташат, Пабыл болсо аларды жакшы кабарга кайтып келүүгө чакырат.
Адеп-ахлаксыздык (1 Корунттуктарга 5-6)
► Жыйын жетекчилери жыйын мүчөлөрүнүн арасындагы көз көрүнөө күнөө менен кантип күрөшүшү керек?
Буркандарга табынуунун бир бөлүгү сойкулук болгон бутпарас ийбадатканаларга толгон Римдин порт шаары Корунт, жыныстык бузукулугу менен белгилүү болгон. «Корунтташуу» деген термин адамдын адеп-ахлактык жагынан бузулуусун билдирген.
Корунт жыйыны өзүнүн өгөй энеси менен бузукулук мамиледе болгон жыйындын мүчөсүн жазоолодон баш тарткан: мындай жүрүм-турум жада калса бутпарастар тарабынан да айыпталган[15], бирок жыйын ушунчалык текеберденип кеткендиктен, бул көйгөйдү чечүүдөн баш тарткан.
Пабылдын насааттары жыйындагы туура тартипти түшүнүү үчүн маанилүү. Элчи күнөө кылган адам күнөөсүн мойнуна алат деген үмүт менен аны кууп жиберүүнү талап кылат[16]. Жыйын өзүнүн мүчөлөрүнүн арасындагы күнөөлөрдү соттош керек, ошондой эле күнөөкөр кыймыл аракеттерге жакшы кабарга көлөкөсүн түшүрүүгө жол бербеши керек. Пабыл ишенбегендердин же ишенимден четтеп кеткендерин иш-аракеттери жөнүндө айтпайт; ал активдүү жыйын мүчөлөрү жөнүндө айтат.
Ушуга байланыштуу Пабыл ишенгендердин арасындагы сот териштирүүлөрү жөнүндө айтат. Корунттуктар жыйындагы көз көрүнөө күнөөнү соттоодон баш тартып жатып, ошол эле учурда жеке таарынычтары менен коомдук сотко тез кайрылган. Пабыл алар машайакчы бир туугандардын ортосундагы келишпестиктерди чечкенге акылы жетпесе, анан кантип «дүйнөнү соттоорун» сурайт.
Андан кийин Пабыл корунттуктар ага каттында берген бир нече суроо жөнүндө айтат[17]. Ар бир тема «Мага жазып жибергениңер жөнүндө айтарым…» деген фраза менен башталат: Пабыл алардын суроосун келтирет, андан кийин ага жооп берет.
Үй-бүлө курбоо жана үй-бүлө куруу (1 Кор. 7:1-23)
Кээ бирөөлөр «эркектин аялга жакындабай эле койгону жакшы» деп үйрөтүшкөн[18]. Пабыл жыныстык мамилелер никеде туура орунга ээ экенин айтып жооп берет. Бул бөлүмдө ал ошондой эле ал ажырашуу көйгөйү – ишенбегендер менен никеде турган ишенүүчүлөр үчүн өтө татаал суроо жөнүндө айтат.
Үйлөнбөгөндөр жана жесирлер (1 Кор. 7:25-40)
Пабыл «азыркы кыйынчылыктарды» эске алганда, үй-бүлө курбаган бойдон калган жакшы экенин айтат, бирок бул «Кудайдын буйругу» эмес, анын жеке ою. Ал «азыркы кыйынчылыктар» дегенде рим бийлигинин машайакчыларды куугунтуктаганы тууралуу айткан. Ошондой эле ал куугунтуктоолордун күчөөсүн жана Ыйсанын жакында келүүсүн айтып, «аз убакыт калганына» басым кылган [19].
Буркандарга арналган тамак (1 Кор. 8:1-11:1)
► Силердин кызматыңардын кырдаалын эске алганда кайсы маданий тажырыйбаларды, корунттуктардын буркандарга багышталган тамак жөнүндөгү суроосу менен салыштырса болот?
Пабылдын эң көлөмдүү ой жүгүртүүсү – буркандарга багышталган тамак жөнүндөгү татаал суроого жооп берүү жөнүндө. Корунттуктар өздөрү ээ болгон «баардыгыбызда эле билим бар» деген түшүнүк менен билимдин негизинде чечим чыгарышкан: Пабыл бир гана (менменсинткен) билимге негизделгендин ордуна, (бекемдеген) сүйүү мене иш-аракет кылышыбыз керек деп жооп берет.
Пабыл буткананын ашканасында тамактануу менен базарда сатып алынган тамак-аштын ортосундагы айырманы көрсөтөт. Буткананын имаратында тамактанган – «билими бар» – өзүнүн абийирине каршы чыгуу азыгырыгына туш болгон алсызыраак бир тууганын талкалашы мүмкүн. Корунттуктар кандай мамиледе болушу керектигин көрсөтүү үчүн, шаарда жакшы кабар таратуу максатында, Пабыл койчуман катары колдонууга акысы бар болгон алардын финансылык каржылоосун токтотконун мисал катары келтирет.
Бутпарастардын бутканасында тамак жеген адам буркандарга табынуу жөрөлгөсүнө катышкан[20]. Пабыл «Теңирдин да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар; Силер бир эле учурда Теңирдин да, жиндердин дасторконунан тамактана албайсыңар» – дейт.
Ишенгендер бутпарас диний чөйрөдө тамактанбаш керек, ал эми базарда сатылган буркандарга арналган эт жөнүндө Пабыл башкача айтат. Ал жерде буркандарга табынуу менен түздөн-түз байланыш жок болгондуктан, Пабыл машайакчыларга «суроолорду бербей» бар нерсени сатып алууну сунуш кылат. Мындай иш-аракет кайсы бир адамды капа кылган учур гана өзгөчө болуп саналат. Алсыз бир тууган бул этти сатып алууну да буркандарга табынуу менен байланыштырышы мүмкүн. Мындай учурда Пабыл корунттуктарга өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөгөн машайакчынын жоопкерчилиги жөнүндө эстетет.
Негизги принцип – сүйүү. Кудайга болгон сүйүү ишенген адамды бутпарастардын бутканасында тамактануу аркылуу буркандарга табынуудан сактайт. Ал эми ишенген бир тууганына карата – машайакчыга алсыз бир тууганынын ишенимин талкалай турган этти жегенге жол бербейт.
Табынуу жана жөндөмдүүлүктөр (1 Кор. 11:2-14:40)
Андан ары Пабыл бийликке тиешелүү суроолор, Теңирдин кечки тамагына катышуу жана руханий жөндөмдүүлүктөр жөнүндө айтат. Бул Корунт жыйынын талкалап жаткан текебердик менен бөлүнүүлөрдүн айынан келип чыккан. Өздөрүн бир дененин мүчөлөрү катары көрүүнүн ордуна, корунттуктар руханий жөндөмдүүлүктөрдү өзүн көтөрмөлөө үчүн колдонушкан. Мындай мамилеге туура жооп, сүйүү – баардык руханий жөндөмдүүлүктөрдөн чоң экенин эстөө.
Машайактын жана өлгөндөрдүн тирилүүсү (1 Кор. 15)
Ишенген адамдардын өлүмү жөнүндөгү суроолорго жооп берип жатып, Пабыл Машайактын тирилүүсү жөнүндөгү тарыхый чындыкты ырастоодон баштайт. Андан кийин ал, Машайак –«өлгөндөрдүн арасынан биринчи» болуп тирилгенин далилдейт. Ыйса өлүмдү жеңгендиктен, машайакчылар тирилүү убадасына таянышат.
Иерусалимдеги ыйыктарга чогултулган жардам (1 Кор. 16:1-4)
Пабыл өзүнүн үчүнчү миссионердик саякатында жүйүт жетекчилеринин каршылыгынан азап чеккен Иерусалимдеги ишенгендерди колдоо үчүн курмандык чогулткан. Бул курмандык Пабыл үчүн жыйындын биримдигинин доктринасын билдирүүнүн маанилүү жолу болгон; бул иш- аракети менен бутпарас машайакчылар жыйынга мүчө болуу, жүйүт бир туугандарына колдоо көрсөтүү милдетин аткарууга түрткү болорун көрсөткөн.
Коштошуу (1 Кор. 16:5-24)
Пабыл өзүнүн катын келечектеги Корунтка баруу ниети жөнүндө планы менен салам узатуу жана коштошуу менен бүтүрөт.
[20] 1 Кор. 10:1-22 Ысрайылдын ишенбестиги жөнүндөгү окуяны буркандарга табынуу тажырыйбасына каршы эскертүү катары колдонот
2 Корунттуктарга
2 Корунттуктарга каттынын тарыхый маалыматы жана жазылган максаты
2 Корунттуктарга, 1 Корунттуктарга жазылгандан кийин бир жылдан кийин жазылган. Тиметейдин келүүсү Корунттагы көйгөйлөрдү чечүүдө жыйынтык алып келген эмес окшойт. Андан кийин Пабыл жыйынга өзү келген. Бул жыйын анын абройуна каршы турган «капаланткан» жолугушуу болгон[1]. Пабыл Эфеске кайтып келип, ал жактан дагы бир кат (азыр жоголуп кеткен) жазган жана аны Тит аркылуу жиберген[2].
Эфестен Пабыл Македонияга кеткен, ал жактан Корунттан жаңылыктарды күткөн. Тит корунттукттардын көбү козголоң чыгарганы үчүн тобо кылганын айтып келген[3], бирок бир кичинекей топ Пабылдын абройун четке кагууну уланта берген. 2 Корунттуктарга катынын акыркы бөлүгү ушул топко кайрылат жана Пабылдын үчүнчү жолу келишине жол даярдайт.
2 Корунттуктарга катынын жазылган максаты:
Корунттуктарды Тит айтып келген тобо кылуусу үчүн мактоо (1-7).
Козголоң чыгарууну уланта берген жыйындын мүчөлөрүнө кайрылуу (10-13).
Кийинки таблица 1 жана 2 Корунттуктарга каттарынын убакыт тартибин көрсөтөт. Кээ бир даталар так белгисиз, бирок бул Пабылдын Корунт жыйыны менен иштешкени тууралуу чындыкка эң жакын ырааттамасы.
Пабыл жана Корунттагы жыйын
Жыл
Пабылдын Корунтка баруусу
Корунттуктарга жазылган каттар
Б.з. 50-жылдары
Жыйын Пабылдын 2чи миссонердик саякатында негизделген.
Белгисиз кат (1 Кор. 5:9)
Б.з. 55-жыл
Корунттуктарга, Эфесте жазылган жана Тиметей аркылуу жеткирилген
Пабылдын абройу четке кагылган «капаланткан» жолугушуу (2 Кор. 2:1).
Эфестен Тит аркылуу жиберилген белгисиз «капаланткан» кат, ал тобо кылууга алып келген (2 Кор. 7:8-16).
Б.з. 56-жылы
2 Корунттуктарга, Македонияда жазылган жана Тит аркылуу жеткирилген.
Б.ч.к. 57-жыл
Пабылдын Корунттка акыркы келүүсү (2 Кор. 12:14.)
2 Корунттуктаргакаттынынмазмуну
2 Корунттуктарга каттынын стили анын ар түрдүү максаттарын көрсөтөт. Ал Пабылдын ар кандай суроолорго берген жоопторунун антологиясы болуп эсептелет. 1 Корунттуктарга катындай эле бул Корунттагы белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн капысынан жазылган кат. Бул бүдөмүк каттын планын жазуунун ордуна, анда козголгон кээ бир темаларды аныктоо пайдалуураак болот.
Пабылдын элчилигин коргоо
Пабыл бир аз тартынуу менен өзүнүн элчилигин көлөмдүү үзүндүдө коргойт. Душмандары Пабылдын азаптарын жана алсыздыктарын анын элчилик кадыр-баркына каршы далил катары колдонушкан. Бул адамдар ийгилиги жана бийлиги менен мактанышат, Пабыл болсо: «… Машайактын күчү менден орун алат» – деп алсыздыгы менен мактанат[4]. Анын элчилик кадыр-баркы ырайым кылып, Пабылдын алсыздыгы аркылуу эмгектенүүнү тандаган Кудайдан келген.
Пабылдын кадыр-баркын коргоо
Пабыл Корунтка эрте эле барайын деген, бирок мурунку баргандан калган жаралар айыгышы үчүн барууну кечеңдетип жаткан. Ошол себептен ал Корунтка түз барбай Македонияга барган. Бул өзгөрүү Пабылдын душмандары үчүн аны ишеничтүү эмес деп күнөөлөөдө негиз болуп калган. Пабыл пландарынын өзгөрүүсүн кызматын Кудайдын жетеги менен кылып жатканы менен түшүндүргөн[5].
Пабылдын үчүнчү жолу барусуунун планы
Пабылды дагы деле алсыз деп, анын абройун четке кагууну уланткан адамдар бар болгон. Пабыл Корунттка бара турганын айтат жана баргыча алардын тобо кылууларын суранат. Каршылаштар тарабынан башаламандык орун алганына карабастан, Пабылдын максаты – элдешүү. Андан мурун ал катында алар тобо кылса аларды кечирерин айткан[6]. Катынын аягында ал кайра калыбына келүү жөнүндө суранат. Пабылдын максаты – өч алуу эмес, калыбына келүү болгон.
Галатиялыктарга каттынын жазылган убактысы кыязы б.з. 48-жылдын тегереги. Пабыл жана Барнаба биринчи миссионердик кызматында Галатиянын түштүк бөлүгүнө жакшы кабар таратышкан. Балким Пабыл катты жаңы ишенгендердин арасында ал кеткенден кийин пайда болгон көйгөйлөргө жооп катары жазган.
Бул убакытты ырастаган жүйөөлөрдүн бири, Пабыл бул катта Иерусалим кеңеши жөнүндө айтпайт. Бул кат бутпарастардын көйгөйүнө жана мыйзамга тиешелүү болгондуктан (бул суроо б.з. 49-ж. Иерусалим кеңешинде чечилген) Пабыл 49-жылдан кийин жазса, кеңешме жөнүндө айтмак болушу керек. Б.з. 48-жылы жазылган Галатиялыктарга каты Пабылдын биринчи каты болуп калат.
Жазылган максаты
Галатиялыктарга жазылган каттын максаты саламдашуу абзацынан эле белгилүү болот. Пабылдын кызматынын натыйжасында Машаякка келгенден кийин убакыттын өтүшү менен галатиялык ишенгендер жакшы кабарды таштап коюшкан. Пабыл аларды кайра Ыйса Машайактын жакшы кабарына кайтып келүүгө (сүйүнчү кабарга), сүйүү мыйзамына, Рухтун күчүндө жашоого чакыруу үчүн жазат.
Пабыл менен Барнаба Галатиядан кеткенден кийин ал жыйынга жалган окутуучулар келишкен. Алар бутпарас машайакчылар сүннөткө отургузулушу керектигин жана жүйүттөрдүн мыйзамын аткарышы керектигин окутушкан. Бул окутуучулар Ыйса аткарган куткарылуу ишин толугу менен четке кагышкан эмес, бирок алар Ыйсага болгон ишеним жана мыйзамга баш ийүү менен куткарылабыз дешкен. Пабыл ишенгендерге ишеним аркылуу ырайым менен гана актала аларыбызды эстетүү үчүн жазган.
Мазмуну
Галатиялыктарга жазылган кат, Пабылдын эң катаал каты болуп эсептелет. Ал галатиялык ишенгендерди акылсыздыгы жана башка жакшы кабарга өтүп кеткендиги үчүн ашкерелейт жана аларды Ыйса Машайактын чыныгы жакшы кабарына кайтып келүүгө чакырат. Ал муну карама-каршы тандоолордун тобун колдонуу менен кылат. Галатиялыктарга жазылган кат – жашоодогу эң маанилүү тандоого болгон чакырык: Ыйса Машайактагы эркиндик же дененин кишендери.
Жалган кабарга карама-каршы чыныгы жакшы кабар
Пабыл өзү жөнүндө элчи жана Ыйса Машайктын кулу деп көп атаган башка каттардан айырмаланып, Галатиялыктарга жазган катында өзүнүн бийлигин колдонуп сүйлөйт. «Элчи Пабыл (адамдар тарабынан да эмес, адам аркылуу да эмес, Ыйса Машайак аркылуу жана Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай Ата аркылуу элчи болуп дайындалган)…» [1] Бул элчинин абройуна тиешелүү сөздөр.
Жүйүттөр Пабылдын Галатиядагы кабарына шек туудурушту. Балким алар: «Пабыл Ыйсанын шакирти болгон эмес. Андан дагы, ал жыйынды кубалаган. Эмнеге анын кабарын угасынар? Ал чыныгы элчи эмес» деген сөздөрдү да айтышса керек. Пабыл мындай деп жооп берет: «Мен адам тарабынан эмес, Ыйса Машайак жана Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай Ата тарабынан тандалгам».
Пабыл Галатиялык ишенгендер ал айткан жакшы кабар чыныгы Ыйса Машайактын кабары экенин билүүсүн каалаган. Пабылдын Галатиядагы насааттарынын бири Элчилер иштери 13:16-41де жазылган.
► Элчилер иштери 13:16-41деги Пабылдын насааттын окугула. Бул насаатта кандай темалар каралган? Прочитайте проповедь Павла в Деяниях 13:16-41. Какие темы включены в эту проповедь?
Жакшы кабардын бул жыйынтыгына көңүл бургула:
Кудай Куткаруучуну даярдоо үчүн Ысрайылдын бүт тарыхы аркылуу эмгектенип келген.
Ыйса – Жакан чөмүлдүрүүчү тарабынан жарыяланган Куткаруучу.
Ыйса «Иерусалимдин тургундары жана башчылары» тарабынан четке кагылган[2].
Ыйса айкаш жыкачка керилген, бирок «Кудай Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен» [3].
Ыйса тирилгенден кийин Аны көп күбөлөр көрүшкөн.
«…Мусанын мыйзамы аркылуу актала албаган иштериңердин бардыгынан Ал аркылуу акталасыңар». Бул ишенип калган бутпарастар үчүн эң маанилүү кабар. Пабыл биринчи насаатынан баштап эле Мусанын мыйзамы менен эмес, ишеним аркылуу куткарыларыбызды айткан[4].
Ишеним аркылуу гана куткарылуу – бул чыныгы жакшы кабар. Пабыл Галатиялыктарга кат жазган учурда, бул жаңы ишенип калгандар, чынында андай эмес болгон «башка жакшы кабарга» өтүп кетишкен[5]. Пабыл айткан «ишеним аркылуу акталуунун» кабары «мыйзамдын иштери менен акталуу» кишендеринен таптакыр алыс.
Мыйзамчылдыкка карама-каршы ырайым
Мыйзамчылдардын «Жалган жакшы кабары» кандай болгон? Жүйүтчүлөр[6] бутпарастар куткарылууну Мусанын мыйзамдарынын бардыгын аткаруу менен куткарыларын үйрөтүшкөн, Пабыл болсо – иштерибиз менен эмес, ырайым менен куткарылабыз деген.[19] Ал төрт жүйөөгө таянган:
Пабылдын тажырыйбасы. Пабыл Дамаскка бара жаткан жолдо өзүнө ачылган жакшы кабарды көрсөтөт. Ал жакшы кабардын душманы жана жыйынды куугунтуктоочу болгон: «ата-бабаларымдын салттарын өзгөчө кызганчаактык менен сактаганымдан улам, жүйүт динин тутууда өзүм менен тең чамалаш болгон уруулаштарымдын бир тобуна караганда көбүрөөк ийгилике жетикенимди уккансыңар» [7]. Эгер куткарылуу мыйзамга баш ийүү аркылуу келсе, анда Пабылга жакшы кабардын кереги жок болмок, анткени ал ишенимдүү түрдө мыйзамга баш ийген. Кудай Пабылга «Уулун ачып берүүнү ылайык тапты» жана аны «Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталары» жөнүндөгү чындыкка алып келди[8].
Галаттиялыктардын тажырыйбасы. Галатиялыктар Ыйык Рухту «мыйзамдын иштери менен» эмес «ишенимдин негизинде» алышкан. Алар «рух менен баштап» «адамдык аракеттер менен» бүтүрбөшү керек[9].
Ыбрайымдын тажырыйбасы. «Ыбрайым Кудайга ишенди, ишеними ага адилдик катары эсептелинди» [10]. Эми ишенгендердин баары – «Ыбрайымдын балдары». Ыбрайым ишеними менен акталган сыятуу эле, машайакчылар да иштери менен эмес, ишеними менен акталышат.
Мыйзам. Пабыл мыйзамдын иштерине таянгандардын баары, Кудайдын каргышына каларын, ал эми «мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болорун» көрсөтөт[11]. Пабыл галатиялыктарды чындыкка кайрылууга чакырат. «Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле» [12].
Рухтун жемиши дененин тузагына карама-каршы
► «Мыйзамдын иштеринен» эркин болуу бизге дененин каалоолорун ээрчүүгө укук береби?
Пабыл ишеним аркылуу гана акталуу түшүнүгү туура эмес колдонулушу мүмкүн болгондуктан, кооптуу экенин түшүнгөн. Окурман: «Бул эң сонун кабар. Мен ишеним аркылуу ырайым менен акталдым. Мыйзам маанилүү эмес. Мен эмнени кааласам, ошонун баарын кылып, денелик каалоолорума жараша жашай алам» – деп ойлошу мүмкүн. Пабыл Римдиктерге катында да, Галатиялыктарга катында да, бул жалган окутууга көңүл бурат. Римдиктерге катында ал окурмандарына күнөө үчүн өлгөндөр дагы деле күнөөдө жашай албарын эскертет[13]. Галатиялыктарга катында Пабыл: «Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсынар» деген буйрук берет[14].
Пабыл өзүнүн окурмандарына мындай деп эскертет: «силер эркиндикке чакырылгансынар, бирок эркиндигиңер күнөөкөр табиятыңарды канааттандырууга негиз болуп бербесин, тескеринче, бири-биринерге сүйүү менен кызмат кылгыла» [15]. Пабыл эч жерде мыйзам пайдасыз деп айткан эмес; ал мыйзам сүйүү менен аткарылат (аяктайт) деп үйрөтөт.[20] Пабылдын мыйзамчылдыкка болгон жообу өз ыктыяры менен күнөө кылуу укугун бербейт. Мыйзамчылдыкка жооп – сүйүү. Мыйзам сүйүүдө аткарылат. Эгер биз Кудайды сүйсөк анда биз Анын мыйзамдарына өз ыктыярдуулугубуз менен баш ийебиз; мыйзам аркылуу биз кандай жашаш керек экенин билип, Кудайга жага тургандай жашайбыз. Биз жагдайга карап баш ийбейбиз, сүйгөндүктөн баш ийебиз. Сүйүү мыйзамды аткарат.
Пабыл Ыйык Рухтун жемиштери менен дененин иштеринин карама каршылыгын көрсөтөт[16]. Ал Рухта жашасак, Анда болобуз жана Анын жемиштерин жашообузда көргөзөбүз деп үйрөтөт. Эгер биз денеге сепсек, анда бузукулукту жыйнап алабыз; эгер Рухка сепсек, анда түбөлүк өмүрдү алабыз[17]. Сүйүү мыйзамы күнөө кылууга уруксат бербейт, тескерисинче: сүйүү бизге Кудайга тил алчаак болууга күч берет.
Ишенгендер үчүн сүйүү мыйзамынын тажырыйбада эң сонун колдонуусу бар. Аны аткарып жашоо менен биз азгырылып кеткендерди кайра калыбына келтире алабыз. Биз бири-бирибиздин кыйынчылыктарыбызды көтөрүп, өзүбүз жөнүндө туура ойдо болобуз жана түбөлүк өмүрдү эгип алабыз[18]. Бул чыныгы машайакчылык эркиндик.
[6] «Жүйүтчүлүк» – алгачкы жыйында жүйүт жөрөлгөлөрү менен машайакчылыктын доктриналарын аралаштырууга аракет кылган окутуучуларды сүрөттөгөн термин. Алар өздөрүн машайакчыбыз деп жарыялашкан, бирок ишенип калган бутпарастар жүйүт мыйзамдарын аткарсын деп талап кылышкан.
[19]Мыйзамчыл деген ким? Кудайга бардык нерседе баш ийүүгө аракет кылган адам мыйзамчыл деп эсептелеби? Жок! Кудай Өз балдарынын тил алчаак болуусун күтөт. Мыйзамчыл адам – куткарылууну «эмгек сиңирип» алуу үчүн Кудайдын мыйзамына баш ийет.
Жүрөктөгүсү маанилүү. Сыртынан караганда мыйзамчыл адам менен чын жүрөктөн ишенген адам окшош көрүнүшү мүмкүн. Ишенген адам Кудайга жагууну каалагандыктан Ага баш ийет. Мыйзамчыл адам Кудайдын жакшы мамилесине ээ болуу үчүн баш ийет. Мыйзамчылды баш ийүүнүн өзү эмес, кандай ниет менен баш ийип жатканы аныктайт.
[20]Мыйзамдын иштерине болгон үч көз караш Мыйзамчылдык: «Мен иштерим менен куткарылам». Укук: «Мен ырайым менен куткарылам, ошол үчүн мыйзамдын мааниси жок». Сүйүү: «Мен ырайым менен куткарылам. Мен Кудайга Мени Өзүнүн ырайымы менен куткарып алган Аны сүйгөн үчүн тил алчаакмын!»
Корунттуктарга жана Галатиялыктарга жазылган каттар бүгүнкү жыйында
Биз жыйындагы көйгөйлөргө туш болгонубузда, кээде: «Мурун эч качан ушунчалык жаман боло элек болчу» деген азгыруучу ой пайда болот. Корунттуктар жана галатиялыктар бизге бүгүнкү көйгөйлөр жаңы эмес экенин эскертет. Бул каттар түзмө-түз 21-кылымдагы жыйындарга айтылган.
1 Корунттуктарга каты бизге жыйындардын биримдиги жөнүндө эскертет. Биз бири-бирибизден кескин айырмаланып турганыбызга карабастан, Машайактын денеси бир. Бул чындык бизге жыйында айырмачылыктардын айынан көйгөйлөр пайда болгондо жана машайакчылардын арасында уруш-талаштар болгондо багыт бериши керек; ошондой эле ал бизди Машайактын денесин курууда жөндөмдүүлүктөрүбүздү колдонууда жетектеши керек.
Бул кат биз элдешүү кызматына чакырылганыбызды эстетет. Корунттуктарга катында Пабыл жыйындарда бөлүүнү болгондо,оңой кечирүү керектигин көрсөтөт; ошондой эле Галатиялыктарда Пабыл жыгылгандардын кайра туруусуна умтулуубуз керек экенин айтат.
Галатиялыктарга каты бизге ишеним аркылуу ырайым менен акталуу жөнүндө улуу доктринаны эстетет. Пабыл бизге «ишеним жана … менен акталуу» деп окутуу аракеттеринен баш тартуу керектигин эскертет Кудайдын алдында акталуубузга негиз болуу үчүн Мусанын мыйзамы да, иштер да, башка бардык нерселер да Машайакка болгон ишенимге кошула албайт.[1]
Галатиялыктарга каты жашообузду өзгөртүүчү сүйүү мыйзамын колдонуу жөнундө эстетет.
[1]Жакшы кабар: биз ишеним менен куткарылганбыз. Жүйүтчүлүк: биз ишеним менен +мыйзам менен куткарылганбыз. Бүгүнкү күндө жакшы кабарга туулган коркунуч: биз ишеним менен + ______ куткарылганбыз.
Корутунду
1738- жылы май айынын башында Чарльз Уэсли Галатиялыктарга катынын түшүндүрмөсүн окуп жатканын угуп, Уильям Холланд ишеним аркылуу куткарылганына толук ишенгенин күбөлөндүргөн. Чарльз Уэсли өзүнүн күндөлүгүнө: «Бүгүн мен бир нече саат Мартин Лютер менен бирге болдум, ал мен үчүн чоң бата болду… мени сүйгөн жана мен үчүн Өзүн бергенди сезүү үчүн мен эмгектендим, күттүм, жана сыйындым», – деп жазган.
Бир нече күн өткөндөн кийин, жекшемби күн болгон Элүүнчү күнү, Уэсли өзү ушуга толук ишенгенин күбөлөндүргөн. Төрт күн өткөндөн кийин, Уильям Холланд Мартин Лютердин Римдиктерге катына киришүүсүн окуганын угуп жатып, Джон Уэсли ишеним аркылуу куткарылганына толук ынанган.
Ишеним аркылуу акталуу чындыгы Мартин Лютерди, эки Уэслини жана миллиондогон башка ишенгендерди өзгөрткөн: ал 17- кылымда кандай маанилүү болсо, бүгүнкү күндө да маанилүү[1].
[1] From J.I. Packer’s “Introduction” to Luther’s Commentary on Galatians. Crossway Classic Commentaries, 1998.
Сабактын тапшырмасы
Бул сабакты түшүнгөнүңөрдү төмөнкү тапшырмаларды аткаруу менен көрсөткүлө.
1. Тапшырмалардын бирин тандагыла:
1 Корунттуктарга катында Пабыл көтөргөн темалар боюнча бир барак план даярдагыла.
Анда төмөнкү үч элемент болушу керек:
1. суроо же көйгөй;
2. Пабылдын кыска жыйынтыктоочу жообу;
3. ошол суроо талкууланган Жазуудагы үзүндүнүн дареги.
Ырайым аркылуу ишеним менен акталабыз деген окутуунун заманбап кыйынчылыктары жөнүндө бир барак эссе жазгыла. Азыр бизде жүйүтчүлүк жок жана бизден эч ким сүннөткө отурууну талап кылбайт, бирок азыркы күндөрдө да акталуу үчүн негиз катары ишеним аркылуу ырайым менен куткарылууга башка элементтер кошулушу мүмкүн.
2. Сабактын материалынын негизинде тест жазгыла. Тестте Ыйык Жазуудан жаттоо үчүн берилген аяттар бар.
6-сабак Тесттин
1. Эмне үчүн Корунт шаары Пабылдын жакшы кабар таратуудагы стратегиясында маанилүү шаар болгон?
2. Корунттагы жыйындарды негиздөөдө Пабыл менен чогуу ким эмгектенген?
3. Корунттагы кайсы көйгөйлөр 1 Корунттуктарга каттын жазууга себеп болгон?
4. 1 Корунттуктарга каттында кайсы фраза Пабыл жооп берген ар бир суроонун киришүүсү болгон?
5. Пабыл 2 Корунттуктарга каттында жазган үч теманы санап бергиле?
6. Галатиялыктарга катты кандай максат менен жазылган?
7. Жүйүтчүлөрдүн жалган окутуусу кандай болгон?
8. Галатиялыктарга кандай тандоо берилген?
9. Мыйзамчылга аныктама бергиле.
10. Пабыл мыйзамчылдыкка каршы жүйөөлөрдү келтирүүдө колдонгон төрт нерсени санап бергиле?
11. 1 Корунттуктарга 1:20-21 жана Галатиялыктарга 5:22-23тү эстеп жазгыла.
SGC exists to equip rising Christian leaders around the world by providing free, high-quality theological resources. We gladly grant permission for you to print and distribute our courses under these simple guidelines:
No Changes – Course content must not be altered in any way.
No Profit Sales – Printed copies may not be sold for profit.
Free Use for Ministry – Churches, schools, and other training ministries may freely print and distribute copies—even if they charge tuition.
No Unauthorized Translations – Please contact us before translating any course into another language.
All materials remain the copyrighted property of Shepherds Global Classroom. We simply ask that you honor the integrity of the content and mission.