Ыйык китеп боюнча жакшы кабар таратуу жана Шакиртчилик
Киришүү
Студенттердин бирөөнөн Матай 28:18-20ны окуусун сураныңыз.
Кээ бир адамдар бул буйрук элчилерге гана берилгенине ишенишет.
► Бул тапшырма аны ошол күнү уккандарга гана тиешелүүбү? Жообуңузду негиздеңиз.
Уильям Кери 1761-1834-жж. Англияда жашаган. Ал өтүкчү болгон. Ал жакшы кабар тараткысы келип, жүрөгү жалындап турган. Ал тиешелүү болгон жыйын активдүү түрдө башка өлкөлөргө миссионерлик кылууга кызыкдар эмес болчу. Алардын коомчулугу «Кудай кимди куткарарын мурун эле чечип койгон, адам ал ишке катышканынан көп деле нерсе көз каранды эмес» дегенге ишенишкен.
Кери жыйын жетекчилеринин конференцияларынын биринде талкуулоо үчүн тема сунуштайт. Ал: «Улуу тапшырма кимге берилген? Жыйын аны акырына чейин аткарышы керекпи? Ыйса шакирттери менен «дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакытта чогуу болом» дебеди беле?» – деп сураган. Конференциянын жетекчиси: «Сен өтө ышкыбоз, [фанатик] экенсиң. Кудай бутпарасты Өзүнө кайрып алгысы келсе, сенден да, менден да, жардам күтпөй эле кайрып алат» деген.
Биз жыйын бул тапшырманы убакыттын акырына чейин аткарышы керек экенин билебиз. Машайак жакшы кабар тараткандар менен бардык убакытта бирге болом деген. Ушундан бул тапшырманы аткаруу жоопкерчилиги бардык муундардагы жыйындарга жүктөлгөн деген тыянак чыгарсак болот. Элчилер көзү тирүү кезинде, бул ишти акырына чыгара алышкан эмес. Ыйса болсо, жакшы кабар бардык элдерге таратыларын айткан (Матай 24:14), ошол себептен жыйындын улам кийинки мууну жакшы кабар таратуу милдетин мурастап алат.
► 28:18-20ны кылдаттык менен карап чыккыла. Бул үзүндүдө тактап айтканда эмне кылууга буйрук кылынган?
Ыйсанын буйругуна ылайык жыйын бардык жерлерде иш алып барып, Анын шакирттерин даярдашы керек.
Бул тапшырма жакшы кабар таратууну камтыйт, анткени Кудайга кайрылбаган адамды шакирт кылуу мүмкүн эмес.
Бул буйрук жыйын жакшы кабар таратууну жана шакирт жасоону биринчи орунга коюп, кызганчаактык менен иш алып барышы керектигин билдирет. Антпесе өзүнүн максатын аткара албайт.[1]
«Дүйнөнүн акырына чейин» деген сөздөр (бардык элдерди – ар бир улутту билдирет) чет элдик миссияларга иштөөгө буйрук берилгенин көрсөтөт, анткени аларга кимдир бирөө жакшы кабарды жеткирбесе, алар аны уга алышпайт. Улутуна жана коомдук катмарга таандыгына карабай, бардык адамдар жакшы кабарды угушу керек.
Бул буйрук жакшы кабар таратууну гана эмес, устатчылыкты да камтыйт, анткени ишенимге жаңы кайрылгандарга Ыйсанын осуяттарын үйрөтүү керек.
Окутуучулар жаңы ишенгендерге Ыйсага баш ийип жашоону үйрөтүү үчүн туура үлгү көрсөтүп, алгач Машайактын буйругуна өздөрүн арнашы керек.
Жаңы ишенген адам да өзүн Машайакка баш ийүүгө арнашы керек, анткени буйруктарга баш ийбей туруп аларды акыл-эс менен билип коюу жетишсиз. Ал алган билимин колдонбой жатса, бул шакиртчиликке каршы келет. Устатчылык процесси билим берүү гана эмес, ал мүнөздү да калыптандырат.
[1] «Эгер биз Теңирдин жолун Теңир Өзүнүн биринчи шакирттерине берген ишенимдүүлүк менен жолдосок, Анын айткандарын өзүбүз үчүн көрсөтмө кылып алсак, ал алгач айтылганга караганда азыркы учурда күчтүүрөөк иштээрин көрө алмакпыз»
(Хадсон Тейлор, «Кызматка чакыруу»).
Please select a section from the sidebar.